Menu

Жалал-Абад областтык коллегиясында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-январда Жалал-Абадда 2016-жылдын  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жана 2017-жылдын негизги милдеттерин белгилеген областтык коллегия жыйыны болуп өттү. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Жыл жыйынтыгы чыгарылган областтык коллегиянын олтурум жыйынына райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары, областтык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жалал-Абад областтык коллегиясынын жыйынына КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова катшты. Коллегия олтурумунун жыйынын КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алып барды. Коллегия жыйынынын катышуучулары 2017-жылдын 16-январында “Манас” Эл аралык аэропортунда авиакырсыктан каза болгон мекендештерибизди  бир минута аза күтүү менен эскеришти.

Областтык коллегия жыйыны баштаалардын алдында район-шаарлардагы бир катар жетекчилери  менен атуулдарына КРнын Өкмөтүнүн жана областтык өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары менен  алкыштары тапшырылды. Сыйлыктарды КРнын вице-премьери-министри Жеңиш Разаков жана өкүл Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды.     Коллегия олтурумунун жыйынында Жалал-Абад областынын 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, областын стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чараларынын аткарылышынын абалы туурасында өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баяндама жасады.

-Жалал-Абад областында 2016-жылы област боюнча 20 млрд. 859,2 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 102,0 пайызды түздү. Же болбосо областтын республиканын өнөр жай тармагынын көлөмүнүн өсүүсүнө кошкон үлүшү 10,2 пайызды берген. 2017-жылдын 1-январына карата пайдаланылган электр энергиясына болгон жалпы дебитордук карыз 174 млн.4,1 миң сомду түздү. Мунун ичинен мекеме-уюмдар менен ишканалардын карыздары 66 млн. 889 миң сом болсо, калктын карызы 107 млн. 114,8 миң сомду түздү. Электр энергиясына болгон дебитордук карыздар азайып жатканы менен жыл ичинде жалпы дебитордук карыз Майлуу-Суу шаарында 34,8, пайызга, Жалал-Абад шаарында 8,6 пайызга өсүп кеткен.

Ошону менен бирге КРнын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамы талаптагыдай сакталбагандыктан Аксы, Ала-Бука, Сузак, Чаткал райондорунда жана Таш-Көмүр шаарынын аймагында алтын, көмүр, сурьма кендеринде жергиликтүү калк тарабынан өз алдынча казуу иштерине жол берилген. Натыйжада коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан 2016-жылы областта 4 тургун каза болгон,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

2016-жылы областтын аймагында 86 өзгөчө кырдаалдар катталган. Ар кандай табигый өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 35 жаран каза болгон.  Жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келтирилген материалдык зыяндар 233 868 048 сомду түзгөн. Учурда Сузак районунда 1057 үй-бүлө жана Аксы районунда 460 үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар өтө кооптуу аймактарда жашап жатышат.

Областта мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жалпысынан 3657,6 млн. сомго аткарылган. Республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктар 2088,8 млн. сомго аткарылып, план-тапшырма 100,6 пайызга чыккан. Республикалык бюджеттин план-тапшырмалары Тогуз-Торо, Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Кара-Көл, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларында аткарылбай калган. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен област боюнча 14 млрд. 443 млн. 927,1 миң сомдук инвестициялар тартылып, өсүү темпи 110,9 пайызды түздү. Ошол эле учурда Кара-Көл шаарында жалпы инвестиция тартуу 81 пайызга, Майлуу-Суу шаарында ички инвестиция тартуу 96,2 пайызга гана аткарылган. Областа кичи жана орто бизнес ишканалары тарабынан өндүрлгөн продукциянын көлөмү 419,4 млн. сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 118,2 пайыздык өсүштү берген.

Областын социалдык тармагындагы аткарылган туурасында өкүлдүн орун басары Бакыт Анаркулов баяндама жасады.

–     Областта туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай жүргөн балдардын саны  2017-жылдын 1-январына карата  573 баланы түзгөн. Бул көрсөткүч Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондорунда абдан арбын. Жыл башына карата област боюнча 29244 жаш бала төрөлсө, анын ичинен 473 бир жашка чейинки балдардын өлүмү катталган. Ымыркай балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү  1000 балага 16,3тү түздү. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 1,4 көрсөткүчкө азайды дегендикти билдирет. Өткөн жылы энелердин өлүмү 1000 адамга алганда 24,1ди түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү 50 пайызга азайды дегендикти билдирет. Бирок, Сузак менен Ноокен райондорунда балдардын  өлүмүнүн көрсөткүчү көбөйүп кеткен. Областтын саламаттыкты сактоо тармагында 186 ар кыл адистиктеги дарыгерлер жетишпейт,- деди өкүлдүн орун басары Бакыт Анаркулов.

Областтык коллегия жыйынында телекөрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүү боюнча КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кенен маалымат берди.

-2017-жылдын 15-майынан баштап өлкөбүз боюнча аналогдук телекөрсөтүүлөр токтойт. Санариптик көрсөтүүлөргө өтүү боюнча бардык даярдык иштери жүргүзүлдү. Социалдык пакетке ылайык өлкөбүздө 13 телеканалдар акысыз санариптик негизде көрсөтүлө баштайт. Учурда республикабыз боюнча 326, ал эми Жалал-Абад областында 66 айылда санириптик сигналдар болбой жатат. Бул максатта ал аймактарга кичи кубаттуулуктагы автоматташтырылган ретрансляторлор коюлат. Эң негизги милдет телеканалдарды санариптик көрсөтүүгө  өткөрүү боюнча областтык бардык телеканалдар керектүү жабдуулар менен камсыз кылынды. Максат эми аны элге жеткиликтүү түшүндүрүүдө турат,- деди КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.

Областтык коллегия жыйынында Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев, Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев жана Сузак районунун акими Абдумуктар Маматовдун иштеринде кетирген кемчилдиктерди чететтүү боюнча алардын пикирлери угулду.

-Өткөн жылы Жалал-Абад областында айыл чарба багытындагы 16870 га. жер иштетилбей калган. Жер салыгынын 25 пайызы айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртууга иштетилүүсү  зарыл. Областта энергетика тармагындагы жоготуулар менен дебитордук карыздарды жоюу багытында катуу иш алып барууңуздар керек. Айыл аймактарын дотациядан чыгаруу боюнча акимдер менен мэрлер, айыл аймактарынын башчылары ишти күчөтүүбүз  керек. Жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү боюнча элге кеңири түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү зарыл. Бул маселеде Жалал-Абад областындагы иш аракеттер жетишсиз. Чек ара аймактарындагы айылдарды өнүктүрүү боюнча атайын областтык Программа иштелип чыгылуусу керек,- деди КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.

Коллегияда каралып талкууланган маселелер боюнча токтомдун долбоору кабыл алынды.

Областтык коллегия  жыйынынын олтурумун  өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жыйынтыктады.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: