Menu

Фото – Катардагы кыргыздар Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги 31-августта бул ѳлкѳдѳ жашаган кыргыз жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо аземин ѳткѳрдү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу аземдин ачылышында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев баардык мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ѳлкѳнүн 27 жылдык тарыхындагы негизги ийгиликтери менен жетишкендиктерин белгиледи. Республика бүгүнкү күндѳ дүйнѳлүк коомчулуктун толук кандуу жана жооптуу мүчѳсү экендигин баса айтып, анын чет ѳлкѳлѳр, анын ичинде Катар Мамлекети менен кызматташуусу бекемделип жаткандыгын кабарлады. 2018-жылы Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 20 жылдыгы белгиленип жаткандыгын айтып, Элчи Нуран Ниязалиев Доха шаарындагы кыргыз Элчилиги жасап жаткан иш-аракеттери тууралу кеңири айтып берди. Кыргыз жарандарына консулдук жактан кѳрсѳтүлүп жаткан жардам жана 2018-жылдын 8-9-августунда Чолпон-Атада ѳткѳн “Мекендештер” форуму жѳнүндѳ маалымат берди.

Майрамдоо учурунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган атайын адабий викторина уюштурулду жана кайрымдуулук лотерясы ѳткѳрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: