Коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 8538 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен:
Биринчи категориядагы байланыштар – 2037 адам;
Экинчи категориядагы байланыштар – 6501 адам.
“Бүгүнкү күндө алардын бардыгы текшерүүдөн өтүштү. Ошондой эле алардын көпчүлүгү үй карантинине чыгарылды ”, – деди Үсөнбаев.
Учурда өлкө боюнча коронавирус илдети менен жалпы 612 адам ооруп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ