Бүгүн, 9-ноябрда, саат 12:00до «Бата менен эл көгөрөт» аттуу иш-чара башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнұн алкагында жети облуста жана Бишкек шаарында бир мезгилде «Бата менен эл көгөрөт» аттуу жалпы элдик руханий иш-чара уюштурулат. Мындай иш-чара “Чеч төбө элдик кеңеши” жана “Кыргыз ак бата ынтымак” ордосунун демилгеси менен өткөнү турат. Алардын максаты – элибиздин ынтымак, биримдигин, мамлекетибиздин өркүндөп-өсүшүн, тынчтык, бакубатчылыгын жараткандан тилөө жана мекендигин бүтүндүгүн адилет орнотуу.
Эске сала кетсек, «7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» деген чечим эки жыл мурда чыккан. Мындай чечим андагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган. Тагырагы, Октябрь революция күнүнүн ордуна жаңы майрам катары 7-ноябрь – Тарых, 8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ