Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Тейит айылында суу түтүккө аң казып жатышып, бир үйдүн короосунан авиабомба таап алышкан. Бул тууралуу Ош облустук ИИБиси билдирди.
Текшерүү учурунда аныкталгандай, жардыруучу зат 1999-жылдагы Баткен окуясынан кийин калышы мүмкүн. Эсиңиздерде болсо, анда Өзбекстандын учактары бомба ташташкан эле. Чегарачылар менен милиция кызматкерлери бомбаны казып алышып, коопсуз жерге чыгарышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ