Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, Кыргызстандын узак жашаган карыларынын катарына кирген Зулайка Шайдыллаева 9-ноябрда каза болгон. А киши 11-ноябрда ээсине тапшырылды.
Зулайка апа 1916 жылы Эмгекчил айылында туулган. 1956-жылы Ак-Тал айылындагы Ниязалы Шайдылдаевге турмушка чыккан. 20 жыл чогуу түтүн булатып, 7 балалуу болушкан. 33 небереси, 47 чөбөрөсү бар. Апанын жаткан жери жайлуу болсун!
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ