Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралу бүгүн, 29-июнда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин Мамлекет башчысынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.
Бул күндөрү Президент Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ