Жогорку Кеңеш жана БУУнун (ЮНИСЕФ) Балдар фонду 20-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө жана БУУнун Балдар укугу жөнүндө конвенциясынын кабыл алганына 30 жыл толгонуна, ошондой эле ал келишимге Кыргызстандын кошулганына 25 жыл болгонуна байланыштуу кичинекей балдар катышкан парламенттик сессия болуп өтөт.
18-ноябрда ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 8 жаштан 16 жашка чейинки 25 окуучу парламент сессиясына катышат. Иш-чара учурунда балдар өздөрүнүн укуктары жана Кыргызстандын келечеги тууралуу талкуулай алышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ