Москвада эмгектенип жүргөн кыргыз жараны 29 жашта. Анын жансыз денесин 14-ноябрда 2-Брест көчөсүнөн табышкан. Бул тууралуу 17-ноябрда “Москва” шаар жаңылыктар агенттиги жазып чыкты. Ал курулушта иштеген.
“Жансыз дене жыттанып, көзү менен оозунан кан чыгып калган. Ал табылганга чейин көчөдө төрт күн жатып калган. Жанында спирт ичимдиктеринин бөтөлкөлөрү табылган”, – деп жазат агенттик.
Сот эксперттин айтымында өлгөн кишинин кабыргалары сынып, өпкөсүнө учту нерсе сайылган. Азыр анын сөөгү өлүкканага жеткирилип, өздүгү такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ