Бүгүн, 19-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 14-ноябрындагы ПЖ № 155 Жарлыгы менен Жалал-Абад облустунун жергиликтүү сотторуна жана Бишкек шаарынын райондук сотторуна дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 14-ноябрдагы ПЖ №156 Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ала-Бука райондук сотуна Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич, Базар-Коргон райондук сотуна Жороев Эльдияр Жолборсбекович, Кара-Көл шаардык сотуна Уметалиева Чолпонай Маматовна, Майлуу-Суу шаардык сотуна Маматалиев Таалайбек Ажибекович, Ноокен райондук сотуна Култаев Талантбек Какаевич, Таш-Көмүр шаардык сотуна Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич, Тогуз-Торо райондук сотуна Кангелдиев Калыйнур Ратбекович, Токтогул райондук сотуна Ормушев Тилек Эмилбекович, Чаткал райондук сотуна Маматов Куштарбек Иссаевич, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна Туражанова Жамиля Асадуллаевна, Октябрь райондук сотуна Баймуратова Күмүшай Шакировна, Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич, Нурбеков Алмаз Турусбекович, Биринчи май райондук сотуна Бердимуратов Чыңгызбек Муртазакулович, Эсенбаев Адылбек Маматибраимович, Свердлов райондук сотуна Кадыркулова Алма Камчыбековна жиберилди. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ