Menu

Марат Тагаев, журналист: “Бийлик мени эки жолу уят кылды”

Бөлүшүү:

2010-жыл 7-апрель. 9-класстын окуучусумун. Эртең менен алгачкы сабак түндө Таласта болгон окуяны сөз кылуудан башталды. Бийлик алмашып кетет деген эч ой жок, мугалимибиз кошулуп алып аябай кызуу талкууладык.

Ал учур электр-энергиясына баа кымбаттап, “Кыргыз Телеком”, “Түндүк Электр” сыяктуу ишканалар жеке колго өтөт деп эл арасында уу-дуу кеп күчөп турган маал. Күндүз бекер таратылган оппозициянын гезиттерин окуйм, кечинде премьер-министр Данияр Үсөнов, Балкыбековдордун светти эмнеге кымбаттатыш керек, мамлекеттик ишканаларды жеке колго эмнеге бериш керек деген түшүндүрмөсүн угам. Азыр эстеп көрсөм ошондогу өкмөт аябай жигердүү иштептир, түз эфирлер уюштурулуп, Данияр Үсөнов баштаган өкмөт мүчөлөрү кечинде телевизордон түшчү эмес.

Бүт класс, мугалим эжебиз кошулуп светти кымбаттатууга, мамлекеттик ишканаларды жеке колго сатууга каршы, жалгыз мен бийлик тараптамын, терең анализим болбосо деле светти кымбаттатпаса болбойт, мамлекеттик ишканаларды жеке колго бериш керек деп көгөрөм…

Бирок, бул менин бийликти биринчи жолу колдошум эле. Ага чейин 2007-жылы парламенттик шайлоодо Ата Мекен партиясын колдоп, өтпөй калганда капа болуп жашыганым эсимде. 2009-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге жан тарттым, бирок утулуп калган.

2010-жылы болсо оппозициянын айткандарына караганда мен үчүн Данияр Үсөнов, Балкыбековдордун айтканы көбүрөөк ынанымдуу сезилген.

7-апрель күнү адабият сабагынан окубай эле светтин кымбатташын, чалууга 60 тыйынды талашып тартышып чыктык. Классташтарым, мугалимим калп айттырбайт, жалгыз мен бийликти колдоп, кызыл-чеке болуп талаштык. Сабактан тарап, үйгө барсам свет жок. Кечинде свет күйгөндө телевизорду сайсам колдоп аткан Бакиевди айдап жибериптир…

Мага Бакиевдин бийликтен кулатылганы, бийликке башкалардын келгени маанилүү эмес болчу, мен күндүз сабакта бүт классташтарыма, мугалимиме каршы туруп бийликти жактаганыма кейидим. Эртең эми кантип сабакка барам? Уялганымдан эртеси сабакка барбай коюну чечтим, анын эртеси да сабакка барган жокмун… Кийин Эшимканов Бакиевдерге кызмат кылганы үчүн абийир тазалуунусунан өтүп, парламенттик шайлоого да барбай, кызматка да барбай коюсун “самолюстрация” деп атаганын окуп, менин да 2 күн сабакка барбай койгонум самолюстрация болгон экен деп койдум жаман оюмда)))

Кийин свет 1 сом 90 тыйын эмес 2 сом 16 тыйын болду, Кыргызгаз сатылды, Мамлекеттик ишканалар бүт банкрот болуп жатат.

2 жыл мурун Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун мөөнөтүңүз бүткөнчө баштап кете аласызбы деп суроо бердим эле. Былтыр күздө логистикалык борбордун капсуласы салынгандан тарта жалаң төш болуп, эл-журттун барына жаман көрүнүп колдоп аттым. Бирок, бийлик дагы уят кылды.)))

Убакыт деген тараза, 10 жылдан кийин көрөбүз.

Марат Тагаев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: