Menu

Чубак ажы Жалилов: “Эми Аслан бей, милиция, прокурор, сотторду шайтан сайса, көтөнзордук менен камашса, алар кайра күнөөлөрүн моюнга алышса, Кудайым кечирет!”

Бөлүшүү:

(Башы өткөн сандарда)

— Чубак ажы, “Бешиктеги баланын бек болорун ким билсин?” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, наристе төрөлгөндө, атургай эненин курсагынын ичинде жатканда эле бу жарыкчылыктагы жашоосу маңдайына жазылып калабы?

— “Тагдырдын маңдайга жазылганы” деп айтат кыргыз. Ислам дүйнө таанымында бул маселелерге же “кадар жана каза” деген ат менен белгилүү. Акыйда илиминде бараандуу орун ээлеген маселелердин катарына кошулат.

Ыйман – жүрөк менен тастыктап, тил аркылуу ал тастыктоону моюнга алуу, икрар кылуу. Көпчүлүк ислам аалымдарынын пикиринде амал менен иш жүзүнө ашыруу да ыймандын бир бөлүгү катары кабылданат. Мына ошол ыймандын алты түркүгү болот:

  • Алла Таалага ыйман келтирүү: “Алла Таала чындык жана акыйкат. Бар экени да жалгыз, бир экени да чындык акыйкат. Анын шериги жок, болбойт, болууга мүмкүн да эмес! Улуу Жараткан Алла Таала чексиз толуктук сыпаттары менен сыпатталат да, ар кандай кемчиликтерден аруу, жогору жана таза! Жалгыз Алла Таала гана ибаадатка жеке татыктуу! Итаат кылып, моюн сунууга да жеке татыктуу” деген толук ынанымда болуу.
  • Периштелерге ыйман келтирүү: “Алардын бар экендиги, нурдан жаралгандыгы акыйкат. Кудай Тааламдын буйруктарына каршы чыгышпайт, күнөөкөр болушпайт. Алланын амиринин баарына баш ийишет” деген толук ынанымда болуу.
  • Китептерине ыйман келтирүү: “Алла Таала пайгамбарларына китептерди түшүргөн, ал китептерде пенделердин туура жолу баяндалган. Дүнүйө жана акыретте инсанияттын бактылуу болуусун камсыздоо, жакшылыкка жетүүсүн кепилдеген. Китептердин баары акыйкат, баары туура. Бирок касиеттүү Курандан башкасына адамдардын колу тийип, өзгөртүүгө дуушар болгон” деген толук ынанымда болуу.
  • Пайгамбарларга ыйман келтирүү: “Ар бир үммөткө, элге Кудай Таалам пайгамбар жиберген. Алар адамзатты таухидке, бир Алланы таанууга, билүүгө чакырышат. Пенделердин эки дүйнө бактылуу болуусуна багыт беришет. Эки дүйнөдөгү боло турган жамандыктын баарынан кайтарышат” деген толук ынанымда болуу.
  • Кыямат күнгө ыйман келтирүү: Алланын жана пайгамбарыбыз Алейхис Саламдын пенденин өлүмүнөн кийин боло турган кабыр азабы, кайрадан тирилүү, сурак үчүн чогулуу, эсеп берүү, чечимдин чыгуусу, сыйлык-жаза, наамаи амалдардын берилүүсү, тараза, сираат көпүрөсү, бейиш жана тозок туурасындагы айткан кабарларына ынануу, бөркүндөй ишенүү.
  • Тагдырдын жамандык-жакшылыгына ыйман келтирүү: барлыктагы (ааламдагы) болуп жаткан бардыктын баары Алла Тааланын эзелки билүүсүнө, каалоосуна жана өлчөөсүнө ылайык болот деген терең ынанымда болуу.

Кайсы бир нерсеге болгон Алла Тааланын тагдыры деген маани өзүнө төрт акыйкатты камтып алат:

  1. Аль Илму (Алланын билүүсү); Алла Таала баардык нерсени болгондон кийин кандай билсе, болорунан мурда да дал ошондой билет. Болгонду, боло турганды жана болуп жатканды билет. Анын билүүсүнөн эч нерсе чоң болсун, кичине болсун сыртта калбайт.
  2. Аль Машиий (Аллатын каалоосу. Жактыруу маанисинин синоними эмес); Ааламдагы болуп жаткан нерсенин баары Алла Тааланын каалоосу менен болот. Кээ бир нерселерди Алла Таала жактырат, башка кээ бир нерселерди жакшы көрбөйт. Бирок, алардын ишке ашуусун каалайт, ага жол берет. Анткени ансыз сыноо дүйнөнүн сыны ордуна келбейт.
  3. Аль Китааба (Алланын тагдырга жазуусу); Алла Таала баардык амалдарды, абалдарды, сөздөрдү, аракеттерди, токтоп турууларды, бүтүндүктөрдү, бөлүктөрдү өзүндө болгон “лаухул махфууз” (сакталынган кагаз) деген китепке жазган.
  4. Аль Хальку (Алланын жаратуусу); Ааламдагы баардык нерсени Кудай Таалам жараткан. Ар бир нерсе улуу Кудайдын кудуретине ишаарат берип турат. Анын жаратуучулугуна эч ким шерик болгон эмес, боло да албайт.

Инсанга жазылган тагдыр эки бөлүктөн турат:

  1. Инсандын каалоосу менен тандоосу аралаша албаган, Алла Тааланын тагдыр кылып жазуусу менен гана болгон иштер. Мисалы, бар болуусу менен жок болуусу, узундугу менен кыскалыгы, сулуулугу менен көрксүздүгү, эстүүлүгү менен аңкоолугу, ден соолукта болуусу менен оорулуу болуусу, жашоо менен өлүм жана андан башка пенденин башына келе турган, пенде себепчи боло албай, кирише албай турган жакшылык менен жамандыктар.

Бул иштерден кыяматта суралбайбыз. Болгону Алланын бизге жазган тагдырына ыраазы болуп, моюн сунуудан башка аргабыз жок. Алланын ар бир жазган тагдырында сырлар камтылган, ал сырлардын кээ бирлери бизге ачылса, башкалары ачылбаган бойдон акыретке кала берет. Мисалы, кимдир бирөөгө сулуулук берген, ал ошол сулуулугу менен адам катарына кошулуп жүрүүсү мүмкүн. Ал эми башка бирөөгө сулуулук берген эмес, балким берген болсо ошол сулуулуугу аркылуу ал жаман иштерге кириптер болуп калуусу ыктымал эле…

Бул иштерде бир гана учурда сурак болот, ошол Алланын жазган тагдырына, мисалы, “менин боюмду эмнеге мынча кыска кылып жаратты?” деп нааразы болуу менен күнөөкөр болобуз. Анткени пенде өзүнө жаккан нерсе берилсе ага шүгүр айтууга, жакпаган нерсе берилсе сабыр кылууга милдеттендирилген. Шүгүр жана сабырга сооп жазылат.

  1. Инсандын каалоосу, тандоосу, максаттануусу, амалы, иши, себепчи болуусу аралашкан, Алла Тааланын даанышмандыгы жана билүүсүнө ылайык жазылган тагдыр. Мисалы, жемек, ичмек, киймек, намаз окуу, нафака-кайрымдуулук берүү, мекендин жана ыймандын эркиндигин коргоого жихадка чыгуу, зынаа кылуу, уурулук жасоо, арак ичүү ж.б.

Бул иштер Алла Тааланын билүүсү, жазуусу, каалоосу жана кудурети менен болот. Мына ушул иштердин жакшысын аткарганына сооп алып, жаманын аткарганга күнөөкөр болушат.

Алла Таала инсанды жөн эле жаратып койгон жери жок. Аны жаратып, ага жоопкерчилик артты. Ал жоопкерчиликтин артында инсандын эки дүйнөлүк бактысы камтылып турат. Улуу Жараткан пендесине акыл-эс, каалоо-кудурет жана андан башка ылайыктуу сапаттарды берген соң, аны ыйман келтирүүгө, исламга келүүгө, ибаадат кылууга буюрат.

Каапырлыктан, фаасыктык – дини тайыздыктан, күнөөкөр болуудан тыят. Мына ошол ымтыхан-сыноонун натыйжасында пенделери мусулман же каапыр болуп, такыбаа же фаасык, моюн сунуучу же күнөөкөр болуучу деп бөлүнүшөт. Же башкача айтканда, тагыраагы, жөнөкөй тил менен кыпкыргызча баяндаганда:

Тагдыр – Алла Таала пенделерин жаратардан мурда эле аларды жаратып, аларга тандоо ыктыярын берсе, ошол пенделери тандоону кандай таризде колдонуп, кандай жолду тандаарын алдын ала билип, алардын маңдайына жазып койгону деп айтабыз. Демек, тагдырга шылтоолоп күнөөкөр болуп жүрө берүү туура эмес.

— Өспүрүмдөр кичинекей кезинде кемсинишип, жокчулуктун заарын тартып чоңоюшса, мына ошондой уул-кыздар келечек жашоосунда тың чыгышып, атургай ар тармактын жүгүн сүйрөгөн белгилүү адамдар болушарын көрүп жүрөбүз. Дүйнөлүк атактуу адамдардын өмүр баяндарын окусак да, көпчүлүгү кичинекей кезинде жашоонун запкысын жегендер… Бул жагынан кандайча түшүндүрмө берет элеңиз?

— Психологиянын тили менен алганда, “бул феномен өксүк комплексин компенсациялоо” деп аталат. Психолог Альфред Адлердин (1870-1937) окуусу боюнча адамдын психикасынын өнүгүшүнүн жана психикалык илдетинин негизинде өксүк комплексин компенсациялоо (компенсация комплекса неполноценности) жатат. Эгер адамдын денесинде кандайдыр бир талуу жер же өксүк (көзү чалыр, кекеч, бою кичинекей, оозу-мурду жырык, дене түзүлүшү жагынан чабал) болсо, ал өзүнүн физиологиялык кемчилигин социалдык артыкчылыктарга (карьера жасоого, чыгармачыл дараметтерин өстүрүүгө, спорт менен машыгууга, коомдук иштерге активдүү катышууга ж.б.) умтулуу аркылуу компенсациялайт.         Анын пикири боюнча адамдын мүнөзү анын “турмуштук стилинен” улам калыптанат. “Турмуштук стиль” адамдын бала күнүнөн тартып кандайдыр бир өксүктү, кемчиликти коомдук артыкчылыктарга умтулуу аркылуу компенсациялоонун системасы болуп саналат. Мисалы, кызыл тили, чечендик өнөрү менен даңкталган байыркы грек оратору Демосфен бала кезинде кекеч, улуу аскер башчылар менен мамлекеттик саясый ишмерлер орто же кыска бойлуу адамдар (Наполеон, А.В.Суворов, В.И.Ленин, И.В.Сталин, А.Гитлер) болушкан. Айрым учурда өксүк комплексине ээ адамдар өз кемчилигин туура эмес компенсациялоо аркылуу аракка же баңгизаттарына ооп, таарынчаак, шекчил, ыйлаак, эрки бош болуп кетишет, өзүнүн көйгөйлөрү үчүн башка адамдарды күнөөлөшөт.

— Сиз дүйнөлүк лидерлерди мисалга алып атасыз. А улутубузга жакындатсаңыз кандай?

— Кыргыз наркы бул маселени бир ооз кеп менен “ачка короздун түшүнө актаган таруу кирет” деп сонун түшүндүрүп, анын жыйынтыгын “куш уядан эмнени көрсө  учканда ошону алат” (албетте, ал өзүндө жок болгон, башканын колунда бар нерсени көрөт, ошол көргөн нерсесин эңсейт) деп жыйынтыктаган.

Мына ушул эле маселени тереңдеп карай турган болсок, жокчулук менен каатчылык жана кыйынчылык адамга чыдамкайлык менен жеке өзүнө таянуунун “иммунитетин” пайда кылат. Пенденин талантынын ой-кырларын ачып, анын жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Ислам дүйнө таанымында бул кыйынчылыктардын баардыгын Алланын берген сыноосу катары карайбыз. Улуу Жараткан өз пенделерин сыноолор менен сынап, ошого жараша эки дүйнөдөгү татыктуу ордуна жеткирет.

Тасаввуфта “Сенин ордуң – Алла Таала тургузган  ордуң!” деп айтылат. Алла Таала өзүнүн сүйүктүү пайгамбары Мухаммад Алейхис Саламга оор жашоону тандаган. Кичине кезинен баштап эле ар кандай оорчулуктарды башынан өткөргөн. Энесинин боюнда экенинде атасынан жетим калып, наристе кезинде энесинен эрте калат. Мына ошондой эбегейсиз оор сыноолорго адамдын адамы гана чыдай алмак. Акырында ага пайгамбарлык макам, адам уулунун төрөлүк даражасы ыйгарылды.

Мен өз башымдан өткөн бир окуяны айтып бергим келип турат. Мындан эки жыл мурда телефон аркылуу бейтааныш аял телефон чалып, өзүнүн төшөктө экендигин, жардамчысыз ордунан тура албастыгын айтып, келип дем салып берүүмдү суранды. Адатта мен дем салуу менен алектенбейм. А бирок аянычтуу тагдырга көз жумгум келбей, дем салганы издеп, араң таап бардым. Барсам “хрущевка” эски квартирада турат экен, ал үйгө ошол Никита Сергеевич Хрущев (11.09.1971) өлгөндөн бери ремонт боло элек. Акыбалы абдан жаман. Жалгыз уулу бар экен. Спорт менен машыккан, эки жогорку окуу жайды бүтүргөн, үч тилде сүйлөйт. А бирок, ошого карабастан аялы менен ажырашкан, жумуштан айдалып кеткенине төрт жылга таяп калган. Болгон бүткөн киреше аялдын пенсиясы эсептелет экен. Сурап отурсам, жалгыз уулун эч нерседен кем кылбастан, ага таптакыр кыйынчылык туудурбастан, этегине калкалап өстүргөн экен. Жыйынтыгында жогорку билимдүү, келбеттүү келесоо мырза пайда болуп калыптыр. Андай келесоолор азыр шаарда деле, айылда деле көчө толтура басып эле жүрүшөт. Кудайым сактасын.

— Мектеп жашындагы өспүрүм балдарды мечитке ээрчитип баргандарды көп эле кездештиребиз. Билим берүү тармагындагы адистер мындай көрүнүшкө каршы. Сиз кандай жол көрсөтөсүз?

— Балдардын бактылуу болуусу алардын руханий жана дене тарабынан бирдей өсүүсү, мектептеги билим менен бирге эле адеп-ахлактын туу чокусу болгон ислам таалимдерин үйрөнүүсү менен айкалышат. Балдарыбызды мектептеги билим берүү менен эле чектеп койгонубузда, алардын тагдыры эсил кайран СССРдин тагдырындай болуп, кумдуку кумга, суунуку сууга болуп кетүүсү ыктымал. Анткени азыркы биз балдарыбызга окутуп жаткан программалардын дээрлик басымдүү көпчүлүгү ошол даакысы түшпөгөн тайдай болгон Совет доорунан калган эмеспи. Кудайсыздыкты Кудай кылган ошол идеологияны сугарганга салымын кошот. Балдар “коммунизмди куруучулардай” духта тарбияланышат…

Жеке тажрыйбаны алсак, же адамдардын баамдоосуна баам салсак, аталарын мечитке ээрчип барган балдар адатта адептүү болушуп, өздөрүнүн үлгүлүү жүрүш-туруштары менен айырмаланышат. Бала “Кудай көрүп турат” деген ынанымда болсо, эч бир милициясы же тарбиячы мугалими жок эле тартиптүү болбойбу! Ыйман жүрөгүнө уялаган баланын келечеги жаркын болоруна шегим жок.

Туура, мектептин билимин алуу керек, керек болсо күчтүү мектептерде окутуу керек. Болгон инвестицияны билим алууга жумшоо зарыл. А бирок, ыйман маселесин суутпай мамиле кылуу милдеттүү.

Мамлекетти уурдап жаткан чиновниктер жогорку билими жок болгондугу үчүн уурдап жаткан жери жок, же акылы аз болгону үчүн коррупцияга малынып жаткан жери жок. Кечээги эле шаарды жылыткан “чоң очогубуздун” окуясы бизге сабак болуусу керек эле го… Ошол жерден уурдап койгондордун баары акылдуу, баары билимдүү, баарынын галстугу бар, а бирок калыстыгы жок экен. “Кудайым көрүп турат” деген ынаным, ишеними жок экен… Эгер ошолор бала кезинде атасын ээрчип мечитке барганда очоктогу от да өчпөйт эле, биз да запкы тартпайт элек…

— Чубак ажы, сиз Ноорузду майрамдоого каршы пикир айткансыз. Мусулмандарга туура келбей турганын шарияттын мисалында ырастап… Анан коомчулукта катуу талкуу жаралып, талаш-тартыш орун алды. Көп өтпөй президентке караштуу дин иштери боюнча комиссиясы Нооруз боюнча айтканыңызды мыйзамга каршы келерин жар салып, айыптап чыкты эле. Сиз бул боюнча эч бир жерде комментарий бере элексиз. Же теңелгиңиз келген жокпу, же дагы кандай?..

— Мен Нооруз туурасындагы мусулман дининин өкүмүн билдиргеним ырас. Бул боюнча “Азаттыкка” берген маегимди сунуш кылам. Айта кете турган маселе, бул сөздөр мындан бир канча жылдар илгери болгон. Ошол убакта реакция бербегендер бүгүн эмне мынчалык рекциячыл болуп кеткенин түшүнбөй турам. Балким кээ бир тараптардын, агымдардын да “заказы” болуусу мүмкүн.

1-суроо: Нооруз майрамына байланыштуу билдирүүңүзгө, Дин комиссиясынын реакциясына кандай баа бересиз?

Жообу: Биринчиден менин бул темадагы билдирүүм жок, болгон эмес. Анткени билдирүүлөрүмдүн баарын “Урматтуу калайык калк, эл-журт деп баштайм!”. Экинчиден, Дин комиссиясынын реакциясына Аалымдар кеңеши, Муфтият жооп берсин! Билдирүү барбы-жокпу? Ханафий мазхабындагы маселеби же кандай? Дин тутуу эркиндигине каршы келеби-жокпу? Сөз эркиндиги канчалык сакталган?

2-суроо. Нооруз майрамын кыргыздар дайыма майрамдап келген. Бул ислам динине каршы келеби?

Жообу: Профессор Кадыркул Даутов мындай дейт: “Кандай гана эл болбосун анын тарыхы, маданияты көркөм адабияты аркылуу муундан муунга баяндалат. Мисалы, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында “Манас” эпосу баш болгон дастандар, элдик макал-ылакаптарда Нооруз деген түшүнүк кездешпейт. Мунун өзү Нооруздун кыргыздын салттуу майрамы эместигине далил”.

Нооруз мусулманчылыкта майрам катарында таанылбайт. Ханафий аалымдары өз эмгектеринде кеңири баяндашкан. Бул туурасындагы макаламда кээ бирине токтолгом. Кээ бир адамдар исламдан илим албай туруп эле “бул мусулманчылыкта жок” деп кесе айткандыгы жаман тенденция. Ал эми мен ушул жаатта атайын жылдап окуган адисмин. Ар бир сөзүмдү түп нускадан көрүп, илимий негиздеме менен айтамын. Ар бир сөзүмө Кудай алдында жооп берем. Адамдарга тандоо ыктыяры берилген. Кимди кааласа ошону угат. Биз эркин, эгемендүү Кыргызстанда жашайбыз.

3-суроо. Майрамдарды майрамдоону мамлекет белгилейт. Сиз Нооруз тууралуу билдирүүңүз менен мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыгып жаткан жоксузбу?

Жообу: Майрамдарды, мисалы, православдык Рождество майрамын, Ноорузду, Айт майрамдарын ж.б. мамлекет белгилейт. Мисалы, Бишкектин башкы чиркөөсү өзүнүн ак ниет христиандарына “Курман айт жана Орозо айт христиандардын майрамы эмес деп айтса, же 8-мартты бир аксакал бул эркектердики эмес, силер майрамдабагыла, аялдар майрамдасын десе, же мечитте Рождество христиандардыкы, силердики эмес десе мамлекеттик түзүлүшкө каршы келген болобу?

Биздин мамлекетте дин тутуу эркиндиги кепилденген. Менден мусулмандар жамааты мечиттин ичинде диний маселени “Нооруз исламда белгиленеби?” сурашты, мен жооп бердим. Ал жерде бир дагы башка диндин өкүлү болгон эмес.

Менден арак ичүү, сойкулук, коррупция, шайлоодо добуштарды сатып алуу, мародерлук, паракорлук жана жалгандан жалаа жабуу жөнүндө сурашат. Мен аларга мусулманчылык тартиби менен жооп берем. “Арак арам, ичкенге болбойт” деп айтсам деле арак заводдор жабылып кеткен жери жок. “Намаз оку” деп айтсам деле окубай жүргөндөр канча? Нооруз деле ошондой. Ким кааласа майрамдай берсин, каалабаса майрамдабасын, ал өз иши. Мамлекет баарыбыздыкы. Биз өз мамлекетибизде бактылуу боло алабыз. Мекенди сүйүү ыймандан.

4-суроо. Сиз бала кезиңизде Нооруз майрамы үй-бүлөңүздө майрамдалчу беле?

Жообу: Менин ата-энем интеллигент адамдар болуп, мектепте мугалим болуп иштешкен. Биздин үй-бүлөдө эле эмес, биздин айылда Нооруз белгиленгенин көргөнүм жок. Мен 1992-жылы айылдан мектепти бүтүп кеткенден кийин гана бул нерсенин пайда болгонун көрдүм. А сүмөлөк деген керемет оокатты Ноорузу жок эле айыл боюнча бир ай бою бышырышчу.

Чоң энемден да уккан эмесмин. “Манасты” баштан-аяк окутуп уккан, кошокчу, уз, жомокчу сөзмөр киши эле ыраматылык. Бирок Ноорузду айтканы эч эсимде жок.

— Адамзаттын жашоосунда эркиндиктен өткөн баалуулук болбосо керек. Анын ичинде сөз эркиндигин чектөөлөр коомубузда күчөп баратканы өкүнүчтүү. (Албетте, адамдын жеке абийир, намысына шек келтирбеш керек.) Андан сырткары, эркин ой жүгүртүүңө, айткан пикириңе, же чиновниктердин терс көрүнүштөрүн ашкерелесең, ар кандай кысымдарга кабыласың. Деги эле эркиндикти чектөөгө салым кошкондор жазаланбай калабы?..

— “Сөз эркиндиги” деген менен “оозуна келгенди оттоо” деген эки түшүнүктүн ортосун белгилеп алуубуз абзел. Сенин эркиндигиң менин эркиндигимди чектебеш керек. Же болбосо сенин эркиндик зонаң менин эркиндик зонам башталган жерден бүтөт.

Касиеттүү Куранда “жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу” маселеси эң кеңири көтөрүлгөн. Бул ошол сиз айтып жаткан сөз эркиндигинин синономи. Сөз эркиндиги улук Кудайдын амири, пайгамбарыбыз алып келген сүннөттүн желеги. Кудай Тааламдын аятынын маанисинде: “Эй момундар! Силердин араңардан бир жамаат жакшылыкка чакырып, адамгерчиликке буюрсун да, жамандыктан кайтарып, уятсыздыктан тоссун! Мына ошондой пенделер  бейиш бакчалары менен сыйлана турган жеңишке жетүүчүлөр!” (Аалу Имраан:104).

Эгерде кимде ким жакшылыкка чакырбаса, жамандыктан кайтарбаса б.а. сөз эркиндигин толук пайдалана албаса, Кудай алдында күнөөкөр болот. Анткени сөз эркиндиги чектелген жерде зулумдук көбөйүп, укуктар тебеленет, азап чеккендер арбыйт. Кудай Тааламдын аятынын маанисинде мындай айтылат: “Алланын пайгамбарынын амирине каршы чыккандар аларга жамандык менен мээнет түшүп калгандан, акыретте ачуу азап менен жан кейитер кейишке туш болгондон  сактанышсын!” (Нуур:63). Алланын пайгамбарынын амири Алланын амири менен коштолуп отурат. Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат: “Жакшылыкка буюргула, жамандыктан кайтаргыла! Болбосо дубаңар кабыл болбойт!” (Ибну Маажа: 4004).

Чындыгында сөз эркиндигин чектөө, жана чектелүү бул дүнүйөдө жамандык менен мээнет, кыйынчылык (жакырчылык, кордукка), дубалардын кабыл болбоосуна алып келсе, акыретте жан кейиткен кейиш менен түгөнбөгөн  капалыкка, ачуу азапка дуушар кылат.

Ошол эле учурда адамдардын абийири, намысы шариат тараптан корголгон. Алардын мал-мүлкү, абийири, денсоолугу, ыйманы жана насили сакталууга тийиш.

Сөз чынынан бузулбайт, биздеги бардык эле журналисттер сөз эркиндигин туура түшүнө албай жүрүшөт. Гезиттерден ушакты, аргументтелбеген, далилденбеген комментарийлерди, саясый кызыл кулактык менен кайсы бир жакка жан тарткандыкты гана көрөсүң. Азыркы журналисттердин көпчүлүгү трайбализм, саясый сойкулук, жанбагарлык жана пастык менен гана алектенип жатканы көзү эмес көөдөнү көргөндүн баарына көрүнүп турат. Объективдүүлүк, чынчылдык жана жан тартпастык деген принциптер байкалбай калат.

Англиялык устат журналист Дэвид Рэндаллдын “Универсалдуу журналист” аттуу атактуу китебинде айтылат: “Гезиттерге жеке адамдар жана корпорациялар ээлик кылышат, бирок басма сөз эркиндиги элге таандык!”. Ал эми кеменгер кыргыз айтыптыр: “Баш кесмек бар, тил кесмек жок!”

— Ошондой эле милиция, прокурор, сот тармагында иштегендердин дээрлик көпчүлүгүнө элибиз нааразы. Себеби, бүгүнкү күндө белгилүү ишмеринен (эгер тутунган саясаты жакпаса) карапайым адамына чейин жалган жалаа менен камалып кетип атышат. Суроомдун төркүнү түшүнүктүү болду окшойт…  

— Милиция, прокурор, сот тармагындагылардын алган эмгек акылары алардын муктаждыгын толук камтымайынча, алардан жакшылыктуу бир нерсени үмүт кылуу кыйын жана аларды параколук менен жазалоо кайсы бир деңгээлде туура эмес.

Албетте адилеттүүлүк, баарына бирдей мамиледе болуу, мыйзамдын алдында баары тең укуктуу болуусу талап кылынган иш. Имам Фейрузабаадий айтат: “Адылдык – бул тегиз бөлүү, тегиз кароо демектир! Мына ошондуктан, адылдык менен асмандар менен жер бутуна турган деп айтылат. Анткени ааламдын төрт негизинде адылдык болбой бири-биринен ашык же кем болгон учурда, биз көрүп турган ааламдын шайкештиги, мыйзамдуулу башкача болмок, балким болмок да эмес.

Пайгамбарыбыз Алейхис Салам айтат: “Казылар (соттор) үч тайпа болсо, анын эки тайпасы тозокто болоор! Акыйкатты билип, ошол акыйкаттын талабына ылайык өкүм чыгарган сот – бейиштик! Акыйкатты билип, бирок ошол акыйкаттын талабына каршы өкүм чыгарган сот – тозоктук! Акыйкатты толук билбей, адамдар үчүн (чоңдор, бийлик, тааныш, тууган, байлык, мансап) өкүм чыгарса, чыгарган өкүмү илим менен билимге негизделбей, нааданчылыкка курчалса, зулумдук менен өкүм берсе, мына ошол сот да тозокто!” (Абу Дауд, Термизий, Ибну Маажа).

Эми Аслан бей, ар ким өзүн өзгөдөн жакшы билет. Ар бир сот, же прокурор, же милиция абийиринин астында кылган ишин адамгерчилиги менен таразалап, эгер мурда шайтан сайып ката кетирген болсо, эми деле кеч эмес. “Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң” дейт эмеспи. Эми деле тооба кылып, “тиги менен мунун көтөнзордукка салып эле камап жиберген элем” десе, ырайымы кең Кудайым кечирет. Акыйкатты жанындай көргөн элибиз аны дароо кечирип, урматын ордуна коёт. Ошондуктан ошол соттордон күтүп калабыз… Анан да айтылат эмеспи: “Бирөөгө чуңкур казсаң тайыз каз, ага өзүң түшүп калаарсың!”. Чуңкур казгандарды да, ага кайра өзү түшкөндөрдү да жакынкы тарых баарыбызга көсөтүп жатат. Туман да тарайт, ким атчан, ким эшекчен экени да ачыкка чыгат.

Жалган жалаа жабуу чоң күнөөлөрдүн катарын толуктайт. Пайгамбарыбыз Алейхис Салам айтат: “Беш түркүн күнөө бар, алардын кафаараты – жууп кетире турганы жок!

  1. Кудай Таалага шерик кошуу, ширк келтирүү;
  2. Бейкүнөө жанды өлтүрүү;
  3. Бир момун пендеге курулай доомат артып, жалган жалаа жабуу;
  4. Ата мекенди коргоп жаткан кызыл чеке, канды булоон согушта, согуш талаасын таштап качуу;
  5. Жалгандан касам ичүү; (Имам Ахмад).

— Эстелик менен түшкөн сүрөтүңүз да бир аз талкуу болду окшойт…

— Ооба, бул сүрөт өзүмдүн сүрөтүм, эч кандай монтажы жок. Стокгольм шаарындагы швед борборунун сыймыктанган азем жайы Ратушанын жанында тартылган. Бул имарат 1911-1923-жылдары архитектор Рагнар Эстбергдин долбоору менен Кунгсхольм аралына курулган. 106 мертрлик мунарасы да кооздук кошуп турат.

Бул имаратта шаардык бийликтин жыйналыштары, маанилүү саясый сүйлөшүүлөр Алтын залда (1930-1933-1973-жылдар), андан кийийн (1974-жылдан тарта) Көгүлтүр залда ар жылы 10-декабрда Нобель сыйлыгын тапшыруу аземинен кийин атайын сый тамак берилет.

Билесизби, мен ошол жерге барганда эмнелер жөнүндө ойлодум? Мен Чыңгыз Айтматов эмне үчүн Нобель сыйлыгын албай калгандыгы туурасында ойго сүңгүдүм. Өткөн кылымдагы дүйнөнүн эң таанымал жазуучуларынын сап башында турган Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү барында эле китептери дүйнөнүн 174 тилине которулуп, жалпы нускасы 80 миллиондой даанада басылып чыккан. Ал 1960-2000-жылдары гуманитардык иш-чараларга активдүү катышып жүрдү. 1986-жылы өзү “Ысык-Көл форумун” уюштурду. Адабиятка, кино жана театр искусстволоруна кошкон чоң салымы үчүн дүйнөлүк абройлуу сыйлыктарга ээ болду. Таңкөрү, эмнеге Нобель сыйлыгын албай калды экен, алса азыр тигил экскурсия өткөрүп жүргөн сары чач катынга мактанмак экенмин деп ойлондум да…

Айтматовду мурдагы союздагы бир катар адабий институттар, түрк өлкөлөрүнүн президенттеринин, абройлуу уюмдарынын баардыгы көрсөткөндүгүнө карабастан, ага Нобель сыйлыгын ыйгарышкан жок.

Туура дүйнөдөгү алптар Лев Толстой, Максим Горький, Михаил Булгаков, Анна Ахматова, Андрей Платонов сыяктуу көркөм сөз чеберлерине деле берилбей эле калган да… Бирок орусуң көп адам экен дагы, алардын куржуну Нобель сыйлыгынан куру жалак калбаптыр. И.Бунин, Б.Пастернак, М.Шолохов, А.Солженицын, И.Бродскийлер Нобелдин даамын татып, таттыргандар.

Чыңгыз агабыздын жанында төргө чыккандан тартынган, анын жанында жамбаш жей албай кол жиликке ыраазы боло тургандарга деле бул сыйлык берилгенин билебиз да эми… А биз ат түгүндөй аз кыргызга дагы бир Айтматов качан келет, ушундай дүйнөгө таанымал инсаныбыз дагы качан чыгат деп өксүгөнүм ырас.

Туура, Чыңгыз агабыз бийликке жакындабаганда, башында картасы бар  кыяматтын падышаларынын бири М.С.Горбачевтун кеңешчиси болбогондо, балким алып калат беле?..

Болбосо, Совет доорундагы аң-сезимди буза жарганга аракетерди кыйла эле көрдү, чыгармаларынын дээрлик баарында эле сүйүүнүн көшөгөсүнө жашырылган ойноштукту даңазалады. Кайсы бир өксүктүн ордун толуктады десек да болот. Айтор, “Нобель сыйлыгыңды бербесең бербей эле кой! Бизге бергенден көрө ачылган абийириңди жаап ал! Эсиң барда этегиңди жап дейт кыргыз. Биздин Чыңгыз силерге окшогон жылаңачтардан сыйлык албай эле койсун. Аны биз өзүбүз сыйлап алабыз! Берсеңер деле алмак эмес, Чыкем!” деп ошолорго таарынып, ичимден ыйлап, сыртымдан күлүп, алардын, жалпы Европанын этегин жапкан кербезим, өзгөчө бир “жест” эле.

Аны түшүнө албаган пендесымалдар “приличный эмес” сүрөт дегенине маани деле бергеним жок. Болгону ошол эстеликти коюп койгондун өзү, аны көргөнү балдарын жетелеп сейилдегендин өзү “приличный эмес” экенин кам сүт эмген пенде аңдадыбы десең?

Кудай Таалам туура түшүнүктөн айырбасын баарыбызды! Арбагын козгоп койдук, Чыкемдин жаткан жери жайлуу болсун!

(Уландысы кийинки санда) 

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: