Бир топ адамды “жер тилке алууга жана сатууга жардам берем” деп алдап, акчаларын алып качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсү боюнча, элди алдап кеткен кишинин үстүнөн бир топ кишиден милицияга арыз келип түшкөн. Жабырлануучунун биринин айтымында, Нурдин 2017-жылдын декабрында “Көк-Жар” конушундагы жер тилкесин сатып берем” деп 33 миң сом алган. Дагы бир жабырлануучунун билдирүүсү боюнча, 2017-жылы ноябрда “Кара-Жыгач” конушунан жер алып берем” деп 20 миң сом алган. Үчүнчү адамдын айтымында, “Кара-Жыгач” конушу тараптан жер алып берем”,-деп, андан 120 миң сом алып, дайынсыз кеткен.
Аталган факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө башталып, шектүү кармалган. Ал 1971-жылы туулган киши кармалып, СИЗО-1 мекемесине эки айга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталды. Ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүүдө.
Эгерде шектүүдөн жабыркагандар болсо, анда 0 (707) 102-633, 0 (552) 102-380 телефон номурларына жана «102» кызматына чалса болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ