Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеёвдин күйөө баласы Отабек Умаров орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду чакырып, коноктоду. Анын урматына 12 түрдүү тамак даярдаган. Жайыл дасторкон үстүндө 12 тамактын аталышын окуп, кагазды колуна кармап, күлүп отурган Хабибди видеодон көрүүгө болот. Ал социалдык тармакка тарап, кызуу талкууда…
Отабек Умаров жөнүндө учкай айта кетсек, ал президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзиеёванын өмүрлүк жары. Үч кызматта иштейт. Өзбекстандын президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары, Өзбекстандын триатлон федерациясынын төрагасы жана “Аралаш” күрөш искусствосу ассоциациясынын президенти болуп эмгектенет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ