Түрк ММКлары кытайлык бизнесмен Айэркен Самайити кантип өлтүрүлгөнү боюнча видеону таратышты. Көзөмөл видеокамераларда көрүнгөндөй, жаналгыч (киллер) мейманканага кара автоунаа менен келген. Машинеден түшүп эле, эки киши менен олтурган Саймаитинин артынан келип, тапанчасын алып чыгып аткан:
Ишкер Айэркен Саймаити Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлар боюнча кылмыш иште каралып, издөө жарыяланган болчу. Ал Түркиянын Ыстамбул шаарынын Фатих районундагы мейманканалардын биринде 10-ноябрда өлтүрүлгөн. Айэркен Ыстамбулдагы башкы консулдун автоунаасы менен жүргөнү аныкталып, консул Эркин Сопоков кызматынан алынган. 12-ноябрда бизнесмендин өлүмү боюнча үч шектүү киши кармалган эле. 16-ноябрда түрк полициясы төртүнчү шектүүнү да колго түшүрүшкөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ