Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун бөйрөгү иштебей өлүп калыптыр деп ММКлар ызы-чуу түшүп жатканда Бердымухамедов активдүү эс алып жүрүптүр. Бул тууралу бүгүн, 5-августта оппозициялык “Хроника Туркменистана” порталы видеотасма жарыялады.
Бердымухамедов эмгек өргүүсүндө болгондуктан ат минип, велосипед тээп, өзү долбоорлоп жасаган спорттук автоунаасын айдап, боулинг ойноп, автомат атып, министрлерди спорт менен машыктырып жана ыр жазып, аны музыкага салып ырдап жүрүптүр. А силер кандай эс алып жатасыңар? деп суроо салат “Хроника Туркменистана” порталы.
Чын эле видеотасманын аягында Гурбангулы Бердымухамедов кагаздын бетине 4-август 2019-жыл деп кол коюп жатканы чагылдырылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ