Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экендигин белгиледи.
ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (2018-ж.) ноябрдагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Сооронбай Жээнбековго Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, белгиленген приоритеттер толук кандуу аткарылгандыгын баса белгиледи.
Валерий Семериков 2019-жылдын 27-28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарына кароого киргизүүгө документтер даяр экендигин маалымдады.
Ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыктардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ