Орусия менен Тажикстан аскердик кызматташтыкты бекемдөө ниетинде. Анын алкагында кийинки жылы Москва Дүйшөмбүгө аскердик тик учактарды берет. Бул тууралуу 30-ноябрда Москвада тажик кесиптеши Шерали Мирзо менен болгон жолугушуусу маалында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн түштүк чек араларынын коопсуздугун бекемдөө максатында кабыл алынды. Ал согуштук учактар менен тик учактарды жеткирүү биринчи кезекте Ооганстандагы террористтик жана экстремисттик коркунучтарга байланыштуу экенин белгиледи.
Өз кезегинде Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо ЖККУнун түштүк чектеринин коопсуздугу Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтты. Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы учурда өлкө Тажикстандын Куралдуу күчтөрү үчүн кадрларды даярдоо менен алектенип жатканын белгиледи. «Буга чейин миңден ашык тажик офицери даярдалды жана бул тажрыйба азыр да уланып жатат. Биз эл аралык терроризмге каршы күрөштүн жалпы иш экенин түшүнүп жатабыз жана Орусия дайыма Тажикстан менен бир катарда турат», – деди Шойгу.
2012-жылы өлкөлөр ортосунда Тажикстанга аскердик тик учактарды жеткирүү тууралуу келишимге кол коюлган. Анын алкагында Орусия өзүнүн аскерий базалары жайгашкан Тажикстан менен Кыргызстандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө үчүн 70 млрд доллар бөлүшү керек болчу. Согуштук авиациядан сырткары Москва курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнү да убадалаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ