«Апрель» телеканалынын эфирге чыгышына Аскер прокуратурасы тыюу салды. Мындай маалымат аталган телеканалдын сайтына жарыяланды.
Алардын маалыматына таянсак, алар кечээ, 26-ноябрда эфирге чыкмак. Себеби, 21-ноябрда каналдын эфирине уруксат берген чечим «Санариптик технологиялар» коомунун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында кабыл алынган. Ал чечим ишке ашпай калгандан кийин, себебин сурап, «Апрель» «Санариптик технологиялар» коомунун жетекчиси Кубат Оторбаевге кат менен кайрылышкан.
Эскерте кетсек, «Апрель» телеканалы бир нече оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча абакта отурган Алмазбек Атамбаевге таандык. Ал колго түшүп бергендин эртеси, 9-августта ИИМ соттун чечими менен каналдын мүлкүн камакка койгон. Ага нааразы болгон «Апрелдин” юристтери арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган, ал четке кагылып, канааттандырылган эмес. «Апрель» каналы интернет-телеканал катары сайтта жана социалдык тармактарда иштеп келатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ