Ноябрь айында эле 20 протокол түзүлүп, 20 ирет айып пул салынган. Бул тууралуу 5-декабрда шаардык муниципалиеттин санитардык-экологиялык күзөтү билдирди.
“Бир айдын ичинде эле 273 миң сомго айып пул жазып берип жатабыз. Протоколдорду жалбырак, тиричилик жана өнөр жай калдыктарын отко жакканы үчүн түздүк. Бул беренелер боюнча жеке тараптарга 5,5 миңден 7 миң сомго чейин, юридикалык тараптарга – 17,5 миңден 23 миң сомго чейин айып пул каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ