Өткөндө мурдагы мэр Атамбаевдин тарапташтары ага карата арыз жазышканын айтып чыккан. “Бишкектин экс-мэри катышкан кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат”, – деп УКМКдан билдиришти.
“Аталган кылмыш иш сотко чейинки өндүрүштө, жыйынтыгы боюнча Н.Түлеевдин аракетине юридикалык баа берилет”, – деп УКМКдан такташты.
Эскерте кетсек, Нариман Түлеев тарабынан “Ала-Арча” VIP-шаарчасынан аянты 650 чарчы метрди түзгөн жер тилкесин жеке менчикке бөлүп бергени боюнча кылмыш иши козголгон. Түлеев өзү журналисттерге бул буйрутма иш экенин айткан.
“Атамбаевдин кылганы, бир журналист айым мага арыз жазды, – деген эле Түлеев. – Эми күнөөмдү тергөө аныктасын, бирок менин күнөөм жок экенин билем”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ