Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын бош турган үч судьясынын ордуна конкурс жарыялады. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңеши бүгүн, 7-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, юридикалык жогорку билими бар, кесиби менен 15 жыл иштеген, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген 40 жаштан 70 жашка чейинки жарандар конкурска катыша алат. 9-декабрдан 20-декабрга чейин документтер кабыл алынат. Судьяга талапкерлерди алгач кеңештин мүчөлөрү тандап, андан кийин президент аңгемелешүү өткөргөн соң кызматка дайындалат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ