Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтынын алдында, 12-декабрда, саат 12де абанын булганышына каршы “Бишкек Смог” аттуу акциясы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, аталган акцияга шаардыктар беткапчан келүүгө тийиш. Аны алар: «Акциянын максаты – абанын булганышына каршы чыгуу. Биз сүйлөй турганга эч нерсе жок болгондуктан, биз үчүн беткаптарыбыз сүйлөйт. Каалоочулардын баарын чакырабыз, беткаптарыңыздарды унутпай ала келиңиздер, ага ар кандай сүрөттөр жана жазуулар түшүрүлөт», — деп түшүндүрүштү уюштуруучулар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ