Жалал-Абад шаарын 2016-жыл ичинде кызамык оорусуна чалдыгып калуу учуру катталган эмес. Андан башка да дизентерия, энтерит, диарея, сарык оорусу, бруцеллёз, эхинококкоз, кара сарык, тепме оорулары азайган. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунан билдиришти.
Бирок, ошол эле кезде сасык тумоо, кургак учук оорулары 2015-жылга салыштырмалуу кѳбѳйгѳн. Шаар боюнча төрөттүн саны 2015-жылдын 12 айында 2240ты түзгөн болсо, 2016-жылдын 12 айында 1927ни түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 313кѳ азайган. Бирок, ошол эле кезде энелердин өлүмү катталган жок.
Эгерде 2015-жылы 29 бала каза болуп, көрсөткүчү 12,9 болгон болсо, 2016-жылы 26 бала каза болуп, көрсөткүчү 13,5 болду, башкача айтканда, көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 0,6га кѳбѳйгѳн. Бул кѳрсѳткүчтүн кѳбѳйгѳндүгүнүн себеби тѳрѳттүн аз болгондугу менен түшүндүрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ