Menu

11-кабаттан кулаган кыз каза болду

Бөлүшүү:

Бишкектеги 19 кабат имараттын 11-кабатынан кулап, курулуш пенопласттардын үстүнө түшүп, аман калган кыз каза болду. Бул тууралуу травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан билдиришти.

Алардын айтымында,  болжол менен 25-30 жаштагы кыз ооруканага түшкөндөн кийин эле, эки сааттан соң, 6-ноябрда көз жумган.

Эске сала кетсек, 6-ноябрда бир кыз Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан үйдүн 11-кабатынан кулап, курулуш пенопласттардын үстүнө түшүп, аман калганы тууралу жазганбыз. Ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилип,  жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок анын абалы өтө оор экендигин саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы буга чейин билдирген эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: