Menu

Жазуучу Качкыналы Сыдыгалиевдин рубаисинен үзүндү

Бөлүшүү:

Бул дүнүйө ойлоп келсең опосуз,

Жашай албайт тирүү адам капасыз.

Тирүүлүктө сен, мен дешип касташпа,

Кийин чогуу жер астына жатасыз.

 

Күндө да бар, айда да бар кара так,

Пендесиң сен, жүрүшүңдү карап бак.

Жексур болуп жек көрүнүш өзүңдөн,

Калпты айтып, калжырабай оозуң жап.

 

Думананы сен басмырлап күлбөгүн,

Кесир болот думанага күлгөнүң.

Байлык деген бүгүн бар да, эртең жок,

Оош-кыйыш өтөберет күндөрүң.

 

Көрүп-билип тургандан соң заманды,

Жакшылыкка ташташ керек кадамды.

Капа болуп кайгырба башка иш түшсө,

Кайгы, капа тез карытат адамды.

 

Адам жашайт өлүмдөн коркуп -үркүп,

Ажал турат ансайын жалын бүркүп.

Оору адам  кор, жардамдаш бол ага сен,

Көңүлүн калтырбагын кагып-силкип.

 

Тирүүлүктөүйдү, жайды курасың,

Ошол сенин балдарыңа мурасың.

Өмүр бою тыным албай жан багып,

Өлсөң гана сен эсалып тынасың.

 

Эгинди чогултканда күздө шолоп,

Буудай менен арпага кампаң толот.

Тирүүңдө жакшы жашап ыйман топто,

Өлгөндөөз ыйманың, өзүңө жолдош болот.

 

Турмуш деген өзгөрөт ар жумада,

Жашоо үчүн, улуу-кичүү бүт убара.

Кыйналып, кысталсаң да кадыр салып,

Зыкымдан карыз акча эч сураба.

 

Калп айтпаган адамдын көңүлү ток,

Сөзгө турбас адамга ишеним жок.

Ойлобо «ишеним» сөз жел экен деп,

Ишеним кеткен жерде ийгилик жок.

 

Балыктар сүзүп ойнойт тунук көлдө,

Камгактар учуп ойнойт соккон желде.

Сүйлөшкөн адамыңдын көңүлүн ач,

«Жакшы сөз жарым ырыс» деген элде.

 

Болосуң кыш мезгилде жылууга зар,

Учуру келген кезде жаайт ак  кар.

Шашылба иш баштасаң чабалактап,

Ар нерсенин бүтө турган мезгили бар.

 

Өмүр өтөт бирде ыйлап, бирде күлүп,

Санаа да карматпаган желдей күлүк.

Бирөөнүн кылган ишин сындайм десең,

Сындагын ошол ишти турсаң билип.

 

Капа болуп кайгырганда чөкпөгүн,

Көр оокатка колуң жетсе көппөгүн.

Бар байлыгың агып кетсе сууга окшоп,

Бир заматта чыгат сенин көпкөнүң.

 

Оолукпагын кыял күтүп калп эле,

Көрүп турат ким экениң калк деле.

Мактансаң да акыр жүрүп жер жутат,

Пенде экениң бул жалганда калп беле.

 

Күнгө окшоп, сен да бир күн батасың,

Көр түбүндө ың-жыңы жок жатасың.

Көзүң барда элге пайдаң тийгизип,

Тирүүлүктө элдин алгын батасын.

 

Мелт-калт чыны калса эгер төгүлүп,

Куйса толот кереги не сөгүнүп.

Башка түшсө байтал жорго деген бар,

Кете албайсың тагдырыңдан чегинип.

 

Кырсык турса чачып коюп азабын,

Көрөсүң сен андан жаман мазагын.

Бул жашоонун асфальтталган жолу жок,

Татаал жолду талбай өтүп жашагын.

 

Сырыңды көкүрөккө терең баткан,

Чыга албай көптөн бери чөгүп жаткан.

Ачык оозго сырыңдыайта көрбө,

Акыры ал, айланып өзүңө болот капкан.

 

Келечегиң биле албайсың айдан-ачык,

Тагдырдан кете албайсың такыр качып.

Күнүмдүк жашоо дебей тың жашагын,

Ар күнү ажал турбайт каарын чачып.

 

Капалансаң бошобо бекем карман,

Жата берсең эзилип кетет дарман.

Башыңа иш түшкөндө карайлатып,

Жакын адам жок болсо ошол арман.

Уландысы кийинки санда

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: