Menu

Садык Омошев: «Мен дагы Сооронбай Шариповичтей президент болуп Кыргызстанды өнүктүрсөм деп кыялданам»

Бөлүшүү:

— Садык кайсыл жактан болосуң?

— Өзүм Кара-Кулжа районунан болом. Учурда Ош шаарында № 52-мектеп-лицейде 9-класста окуйм. Ошол мектептин президентимин. Республикалык олимпиадага математика сабагы боюнча келип катышып, экинчи орунга жеттим. Эки жылдан бери математика сабагынан даярданып жүрөм.

— Бул жактагы жыйынтык сен күткөндөй болдубу?

— Ооба, өзүм күткөндөй эле болду. Ош облустук олимпиададан жеңгенимде эле республикалык олимпиадада байгелүү орунга ээ болом деп аракет кылгам. Республикалык олимпиадада мектеп окуучулары аябай көп катышты. Мен мынчалык көп окуучу катышпайт деп ойлогом.

— Биринчи орунду албай калганыңа өкүнүп аткан жоксуңбу?

— Жок, өкүнбөдүм. Экинчи орун деле биринчи жолу катышып жаткан мага чоң жетишкендик деп түшүнөм. Мен бул үчүн биринчиден ата-энеме ыраазычылыгымды билгизем. Андан кийин эки жылдан бери өзүнүн эмгегин мага жумшап, тарбиялап, республикалык олимпиадага таптап келген Жакупова Умсунай эжекеме ырахматымды айтам. Эжекеме да чоң ыраазычылыгымды билдирем. Эжекем алтымыш жаштан ашып калса да, мени чарчабай даярдап, мага ишеним артып бул жакка жөнөткөнүнө ыраазымын. Экинчи орун болгонуму сүйүнчүлөп телефон чалсам кубанып ыйлады. Кийинки жылы биринчи орунду алабыз деп айттым.

— Ата-энең кайда иштейт?

— Атам Абдылдаев Автандил милициянын полковниги. Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүндө начальниктин орун басары. Апам Нургүл Жолдошева Жапашовна мен окуган мектепте математика сабагынан мугалим.

— Ош шаары менен Бишкек шаарынын билим берүүдө айырмасы байкалдыбы?

— Бишкек шаары Ошко караганда билим берүүдө күчтүүлүк кылат экен. Эң башкы байге гран-при делип, 11-класстын окуучуларына берилди. Аны Бишкек шаарынын окуучулары утушту. Айырма өтө эле чоң.

— Кийинки жылы биринчи болом деп максат койдуңбу?

— Кудай буйруса кийинки жылы мындан да күчөтүп, алдыга суурулуп чыкканга аракет кылабыз.

— Сен 9-класста окуп жатып мектепте президент болсоң, 10–11-класстын окуучу балдары коркутуп койбойбу?

— Андай болгон эмес. Президент болгондон кийин баардыгы сыйлайт да. Балдардын көпчүлүгү менен таанышмын. Президент болгон соң баары менен таанышып, мамиле түзгөнгө аракет кыласың да.

— Кайсыл жылы президент болдуң?

— Ушул окуу жылында.

— Бир эле жылда Кара-Кулжадан эки президент шайланыптыр да…

— Ооба… Ошондой эле болуп калды.

— Сенде дагы чоңойсом жердешим Сооронбай Шариповичтей мамлекеттин президенти болом деген үмүт барбы?

— Үмүтүм өтө чоң. Мен дагы Сооронбай Шариповичтей президент болуп Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрсөм деп кыялданам. Президент болуп калсам ишти алып кете алам деп өзүмө ишенем. Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланышына мүмкүнчүлүктөрү көп. Президент таза болуп, коррупцияга аралашпаса, калган чоңдор да ага карап түздөнүшөт да.

— Кайсыл жол менен өнүктүрөм дейсиң?

— Биздин өлкө айыл чарба тармагы боюнча алдыга кетсе болот. Андан сырткары сууга бай мамлекет болгондуктан энерго секторун жакшы жолго салып, андагы коррупцияны жок кылса эле жакшы мүмкүнчүлүк ачылмак. Сооронбай Шарипович дагы Кыргызстанды өнүктүрө алат деп ишенем.

— Коррупцияны кантип жок кылат элең?

— Күчтүү бийлик, бекем тартип болсо эле жетет. Эми мындан чыга албайбыз деп ойлогон ой туура эмес. Сингапур өлкөсү убагында экономикалык жактан артта калган мамлекет болгон. Азыр байлыгы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Мыкты лидер келип коррупцияга баткан жетекчилерди элдин алдына алып чыгып, эл өлтүргүлө десе өлүмгө буйрук беришкен. Бизде деле ошондой тартипти орнотсок баары ачык иштеп калат.

— Сооронбай Шарипович менен сыймыктанасыңбы?

— Биз үчүн ал киши өтө чоң сыймык. Ар бир бала Сооронбай Шариповичтей болуп ар бир кызматты аркалап, такшалган жетекчи болгусу келет да.

Бетти даярдаган Нурсултан Шайдинов

Булак: Жаңы Ордо

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: