Бүгүн, 12-декабрда КР Жогорку соту экс-генпрокурор Аида Салянованын жактоочуларынын анын кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча арызын карап, алардын суранычын канааттандырган жок.
“Сот реформасы деген бул аң сезимди өзгөртүү, ал эми аң сезимди өзгөртүүгө көптөгөн убакыт талап кылынат экен… Атамбаев учурундагы сот процесстерине караганда азыр айырма болуп жатат. Билесиңер, Атамбаевдин учурунда соттор биздин бир да ходатайствобузду канаатандырчу эмес да, ал эми азыр биздин ходатайстволорубуздун көбүн эсе канааттандырып жатты. Ошону көрүп, жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат деп дагы ниет кылат экенсиң”, – деп билдирди Аида Салянова журналисттерге.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ