Бир кезде дүңгүрөп, “Нооруз” да болбой, “Норус” болуп, “жалаң мамлекет башчыларына тишелүү экен” деген атка конгон лыжа базасы жабылганын республикалык гезиттердин бири билдирди. Аны tazabek.kg сайты жазып чыкты.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, лыжа базасынын жетекчиси – Владимир Петрович Колганов, ал эми ээси – Кыргыз Республикасынын президенти менен өкмөтүнүн иш башкармалыгы. Мамлекеттик ишкана эс алуу жана оюн-зоок уюштуруу менен алектенип келген. Компания өзүнүн ишмердүүлүгүн 2019-жылдын 31-майында токтоткон экен.
Бул министриликтин маалыматы боюнча. Буга чейин расмий маалыматтар бүдөмүк берилип келген эле. Бирок, ошончолук инфраструктурасы уюшулган базанын жылан чакпай, жылкы теппей жабылганын эми билгенибиз кызык. Же мамлекеттен жеке менчикке өтүп, көмүскө “оюндар” жүрүп жатабы? Атамбаевдин тууганы ээлеп жүргөнү да айтылып, ал боюнча кылмыш иши да козголгон. Анан мындай маалымат башканы айтып турганы кызык?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ