Ветеринария жана фитосанитария тармагы ит минген абалдан көтөрүлбөй койду. Какаганга муштаган болуп, бул тармактын башчысы Калысбек Жумаканов мамлекеттин акчасын эсепсиз короткондон башка иш кылган жок. Эмесе фактыга токтолуп кетелик. Мына өткөн жылы өкмөт тарабынан ветеринария тармагынын кызматкерлерине атайын халаттарды кийүу үчүн өкмөт 3 миллион 800 миң сом акча бөлгөн. Бирок жогорудагы суммага халат алынбай, ветеринарлар бирдиктүү формата өткөн жок. Мына ушундан улам Жумаканов 3 миллион 800 миң сомду сол чөнтөкө сологонбу деген суроо туулат? Балким тиешелүү органдар териштирип коёр. Анткени жалпысынан 2000ге жетпеген кызматкерге бышык тигилген, фирманын халатын алып берген күндө да 3 миллион 800 миң сом кетпейт.
Кыргызстан боюнча эң кымбат халат 400 сом турат экен. Жумаканов ветинспекцияга 1900 сомдон халатты кайдан алмак болгон? Мейли алып берсин дейлик десек да, “иттен жок же ит байлаган жиптен жок” дегендей халат жок же акчадан да дайын жок. Айтор, күмөндүү жерден төбөсү көрүнгөн Жумакановдун ишмердүүлүгү шек жартпай койбойт. Мына башкасын кыйратып экспорттоп койгонсуп, тооктун шыйрагын, ичеги-карынын Кытай өлкөсүнө экспорттойбуз деп чыкты. Таза малдын этин экспорттой албаган Жумаканов, тооктун шыйрагы менен ичеги-карынын экспорттойбу? Кудайды карасаң боло деген киши жок. Тооктун шыйрагы, ичеги-карыны миңдеген тонна болот бекен? Жок жосунду айткандан уялбайтэкенго…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ