Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Kыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 5-курсунун студенти, ыктыярчы-дарыгер болуп иштеген кыз эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минитрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дарылоо иши факультетинин студенти Адинай Мурзабекова “Discovery” отелинде уюшулган убактылуу стационарда медайым болуп иштеп жаткан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 13-июлда саат 19:45те анын абалы начарлап, денеси тырышкан. Өпкө-жүрөк реанимациясы башталган, бирок 20:45те Адинай көз жумган. Кесиптештеринин айтымында, буга чейин ал өзүн жаман сезип, нааразы болгон эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүмгө эки тараптуу пневмония себеп болгон. Акыркы диагноз соттук-медициналык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ