Бишкекте 20 жаштагы кыз 8-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кечээ, 16-декабрда Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 20-25 жаштардагы кыз кулап кеткени тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин РИИБнын тергөө тобу барып, 1999-жылы туулган Р.Н. аттуу кызды тапкан. Тез жардам чакырылып, кыз Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген, бирок, ал өзүнө келе албай, көз жумган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ