7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссиянын дагы бир мүчөсү депутат Т.Мамытов бүгүн эле “корутундуну алмаштырып коюшкан” деген Клара Сооронкулованын билдирүүсүн четке какты.
Анын айтымында, мамкомиссия бир гана варианттагы корутундуну кабыл алып, бардыгы кол койгон документти Жогорку Кеңешке жөнөтүшкөн.
“Башка корутунду жок. Мамкомиссиянын жыйынында документ бектилгенден кийин эч кандай өзгөртүү, кошумча кирген эмес. Депутаттар өз сунуштарын токтом долбооруна киргизишкен. Ал таптакыр башка документ”, – дейт депутат.
Мурда дагы комиссия мүчөсү Тынчтык Шайназаров бул бардыгы кол койгон жападан жалгыз вариант экенин айтып чыккан.
Ал эми бүгүн, 17-декабрда комиссия мүчөсү Клара Сооронкулова Жогоку Кеңештин жыйынына алар кол койгон документ берилбегенин айткан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ