Айчүрөк Келдибекова Ноокат райондук ооруканасында төрт ай иштеп, оорукананын оор бейтаптар жаткан “кызыл аймагында” коронавирус менен күрөшкөн. Бул тууралуу райондук оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов билдирди.
Анын айтымында, Келдибекова акыркы төрт айдын ичинде, коронавирустун биринчи толкуну учурунда 129 бейтапты айыктырган.
“Ал өзү 30-июнда сыркоолоп ооруканага түшкөн. 5 күндөн кийин ден-соолугу начарлап кеткен. Өткөн түнү, саат 03:00 чамасында көз жумду. Ал мыкты дарыгер болчу”, – деп билдирди Марипов.
Эске салсак, Кыргызстандагы эпидемияга чейин Айчүрөк Келдибекова Ош облусундагы СПИД борборунда директордун орун басары болуп эмгектенген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ