Индиянын Бангалор шаарында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионаты 24-сентябрда башталып, кечээ жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов алтын медаль тагынды. Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирүүсүнө таянсак, ал брасс стилинде 200 метр аралыкты 2 мүнөт 13,81 секундда сүзүп өтүп, Азия чемпиону болгон.
Мындан сырткары, кыргызстандык спортчу Лиза Рогожникова 2 мүнөт 17,21 секундда сууда сүзүп өтүп, күмүш медаль тагынган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ