Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: «Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болуп жөнөтүлүп жатканын колдосок болот, себеби…»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна сунушталган Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги каралып, жактырылды. Саясатчылар колдогону менен коомчулук жактырган жок, алар: «Бекназаров бул кызматка татыктуу эмес»,-деп, социалдык тармакта кызуу талкуулап жатышат. Ошондон улам, биз экс-депутат, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичке кайрылып, пикирин уктук.

– Каныбек Осмоналиевич, мына бүгүн Малайзиядагы элчиликке сиздин мурдагы коллегаңыз Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралып, колдоо тапты. Бирок, коомчулук жактырбагандай, өзгөчө жаштар… А сизчи, кандай ойдосуз?

– Азимбек Бекназаров жаңы Кыргызстандын тарыхында жазылып кала турган инсан. Ал учурунда Акаевдик режимге тайманбай каршы чыгып, азап тарткан саясатчы. Үзөнгү-Кууш боюнча жан алакетке тушкөн ушул Азике эмес беле. Азыркы кыйын болуп жаткан саясатчылардын көбү (анын ичинде болочок президенттер дагы бар болчу) тымпыйып отурушпады беле. Мен Азикени идеалдаштырып жаткан жерим жок! Анын дагы кемчиликтери болгондур. Албетте, кемчилигин айтып, жазып жатышат! Бирок, Азимбек Бекназаров өз элин жана жерин чексиз сүйгөн инсан. Малайзия сыяктуу феноменалдык өлкөгө элчи болуп жөнөтүлүп жатканын колдосок болот. Анткени ал юридика илимдеринин кандидаты, бир нече илимий эмгектердин автору. Жаштар өз убагында өздөрүн жакшы жагынан көрсөтушсө, аларга дагы татыктуу кызматтар, албетте, ыйгарылат!

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-октябрында өткөргөн басма сөз жыйынында Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков ага Малайзиядагы элчиликти сунуш кылганын айткан. Ошондой эле ал бул сунуштан баш тартпасын да билдирген.

Мындан мурун биздин редакциянын кат куржунуна Малайзиянын Ташкенттеги элчилиги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги аркылуу Малайзия Өкмөтүнүн КР Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн Азимбек Бекназаровду Малайзияга Кыргызстандын Элчиси кылып дайындоого макулдук берген агреманынын каттоо номери жана тексти келип түшкөн.

Ал жарыяланары менен Азимбек Бекназаров “мен билбейм” деп танып чыккан эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: