Menu

Жалал-Абадда дин уюмдарынын иштери талкууланды

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда дин уюмдарынын коомдун жакшырышына карата жүргүзүп жаткан иштери мурдагы жылдарга караганда кыйла активдүү болуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн дин уюмдарынын иштерин талкуулаган жыйында айтылды.

Жыйынга шаар жетекчилери, областтык мусулмандар башкармасынын (казияттын) , Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын, массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрү, мечиттердин имамдары катышып, дин иштеринин азыркы абалы тууралуу талкуу жүрдү.

Жыйындын жүрүшүндө област аймагында 632 мечит болсо, анын 576сы каттоодон өткөнү, ал эми 2014-жылы каттоодон өткөн мечиттер саны 498, 2015-жылы 547 болгону маалымдалды. Ошондой эле 2014-жылы 65 имам, 2015-жылы 123 имам, 2016-жылы 597 имам билимин жогорулатканы айтылды. Дин уюмдары коомчулук арасында кайрымдуулук иштерин жакшы жүргүзүп жатканы белгиленип, коомчулук жана пресса менен байланышуу ишинде Майлуу-Суу шаарынын имамдары жакшы иштеп жатышканы баса көрсөтүлдү.

Областтын казияты быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылында коомдо тарбиялык иштерди күчөтүү максатында конкреттүү иш-чаралар түзүп, аны ишке ашыруу максат кылынганын жарыялады. Бул багытта коомчулук жана ММКлар менен кеңири байланышуу, тарбиялык маанидеги видео-роликтерди, телеберүүлөрдү даярдоо жана тартуулоо, конкурстарды уюштуруу жагы көздө тутулмакчы.

Жыйындын жүршүндө коомдук тарбиялоодогу, диний экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүү ишинде активдүүлүктү көрсөткөнү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы төрт мечиттин имамдарына Ардак грамоталарды тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: