Бүгүн, 18-декабрда Ала-Тоо аянтында RЕакция 2.0 митинги болуп өттү. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, митингден кийин аянтта таштанды калган эмес.
“Тазалык” ишканасынын жетекчиси Руслан Жаныгуловдун айтымында, акциясын катышуучулары бир дагы таштандыны аянтка таштабай, бардыгын тазалап кетишкен. Учурда “Тазалыктын” кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатышат.
Бишкек мэриясы митингчилердин мындай аракетин баалап, тазалык жана тыкандык үчүн ыраазычылык билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ