Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Муминов Равшан Мурзахматович (курман болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада жаңжал чыккан. Андагы ок атышуудан чек ара кызматкери Равшан Муминов 41 жашында каза болгон. Анын артында 3 баласы калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ