Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда өлкөдөгү курч кырдаал боюнча сөз козголуп, Кой-Таштагы УКМКнын ийгиликсиз операциясы талкууланды. Жыйында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн жагдай боюнча маалымат беришти. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков: «Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралдуу каршылык көрсөттү» деп билдирди.

Ага катар Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, «тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу» керек экенин белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынганы айтылды. Бул боюнча айрым адамдардын пикирин уктук.

Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты: «Бүгүнкү кырдаалга Атамбаев алып келди»

—Бүгүнкү кырдаалга түздөн-түз мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кириптер кылды. Өзү буга чейин бир нече жолу кайталап, «Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, бирдей жоопкерчилик тартабыз» деп баса белгилеп айтып келген. Бир эмес, үч жолу берилген чакырууга реакция кылган жок. Жыйынтыгында мына бүгүнкү кырдаалга алып келди.

Турсунбек акун, экс-омбудсмен: «Кой Таштагы кан төгүүгө Атамбаев түздөн-түз күнөөлүү»
—Мунун баарына Алмазбек Атамбаев күнөөлүү. Эгер ал кол тийбестиги алынганда эле суракка күбө катары келип койгондо бүгүнкү кайгылуу окуя болмок эмес. Бир нече адам сабалды. Бир жоокердин каны төгүлдү. Дүйнө коомчулугуна жаман сөз кетти. Айланасына жаш балдарды топтоп, аларга туура эмес маалымат берип, таш менен куралдандырып, мына ушул абалга алып келди. Жаалданган балдар кагылышып эки тарап жапа чекти. Кыргызга кыргыз кол салды. Тергөөгө келип койсо мындай болмок эмес. Мына Нариман Түлеев башка өлкөдө экенине карабай учуп келди. Текебаев, Жапаровдор да чет мамлекеттен учуп келбеди беле. Бул Атамбаев ушул жерде туруп качып, элди түндүк-түштүккө бөлүп жатат. Андан тышкары сипараттык чакырыктарды жасап, башка республика түзөм деп жатат. Мыйзамга баш ийбей курал менен атам деп жатат. Мына окуя болгонго чейин кайрылып, эгер бөөдө кан төгүлүп кетсе, кимдир бирөөнүн өмүрү кыйылса Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигинде болот деп айткам. Мына айтканын жасап багыттагы кызматкерлерге куралынан ок чыгарып атайын кызматтын жоокери курман болду. Буга керт башы менен мыйзам алдында жооп бериши керек. Баса, Равшан Жээнбеков «Кой-Ташка курал менен баруу ката болду» деп айтып Атамбаевдин аракетин жактоого аракет кылып жатат. Равшан иниме айтып коеюн, Атамбаевди бир жактуу актоо аброй алып келбейт. Атамбаевди кармоо үчүн барган күч түзүмдөрү өлтүрүүчү окту колдонбой жарылуучу гранатты жана желим окторун пайдаланды. Алар көздөн жаш чыгаруучу затты дагы колдонбой карапайым адамдарды аяп аяр аракет кылышты. Тескерисинче, Атамбаев тарабынан курал колдонулуп бир жоокер окко учуп, ондогон адамдар жаракат алды. Равшан мырза муну неге айтпайт? Атамбаевди тергөөгө алып келүү мыйзам талабы. Анткени ал буга чейинки үч жолку чакырууга келбегени аз келгенсип, үйүнө элдерди топтоп алып бийлик өкүлдөрүн алынын келишинче шылдыңдап жатты. Анан эмне анын бул аракетине эч чара көрбөй коюп коюш керек беле? Кыскасы, Равшан Жээнбековдун бул кайрылуусун террорист Атамбаевге кошомат кылуу катары карасак болот.

Ал арада Ички иштер министрлиги иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунда тиешеси болгонун ачыкка чыгарды. ИИМ тараткан маалыматта: «Кылмыш иштин материалдарында Атамбаевдин тапшырмасы менен Батукаевге жалган оор диагноз коюлуп, мыйзамсыз бошотуу уюштурулган» деп айтылды. Ички иштер министрлиги Атамбаевди сурак берүүгө үч жолу чакырган. Ал моюн толгоп келбей койгондон кийин шаршемби күнү кечинде УКМК Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясы уюштурган. Тилекке каршы ал ийгиликтүү ишке ашпай калды. Эки таштын кагылышында атайын багыттагы кызматкерлердин бири каза болуп, 50дөн ашык адам жабыркады. Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор экенин айтылууда.

Сергей Пономарев, эксперт: «Бизге саясий туруктуулук керек»

—Саясий туруксуздук болгон жерде ал экономикалык туруксуздукка өтүшү мүмкүн. Себеби, алар бири-бири менен байланышкан эмес. Өз кезегинде ал экономикалык жоготууларга алып келет. Биз аны 2010-жылы көргөнбүз. Анда көптөгөн бизнесмендер кеткен. Бизге саясий жана экономикалык туруктуулук керек. Туристтик сезон тууралуу айтсак, көптөгөн адамдар келүүнүн кереги барбы деген ойго келет. Адамдар эс алууну каалайт. Туризм тармагында иштеген адамдар бул тууралуу социалдык тармактарда айтып жатышат.

Игорь Шестаков, саясат талдоочу: «Адамдын өмүрүн кыйган кылмыш үчүн жооп бериши керек»

—Баарына түшүнүктүү болду, Атамбаев өзү да айткан, курал бар экенин, кармаганы келгенде жөн гана күтүп албастыгын. Ал ар дайым кайталап, мыйзамдын алкагында колго түшпөстүгүн айткан. Ошондуктан, окуя ушундай трагедиялуу болуп, киши өлдү, кан төгүлдү. Эми адамдын өмүрүн кыйган кылмыш үчүн жасаган кишилер жооп бериши керек. Кыскасы, кечээ күндөн тарта Атамбаевдин тарапташтарынын аракеттери укук талаасынан чыгып кетти десе болот. Окуялар коркунучтуу мүнөзгө ээ болууда. Атамбаев менен анын айланасындагылар өз аракеттеринин жыйынтыгын түшүнүп жаткандыктан мурдагы президенттин тарапташтары президент жана парламентти таркатуу талабын айтышты. Алардын аракеттери түшүнүктүү. Аларды кылмыш жазасы күтүп жатканын билип калышты. Андыктан алар мыйзамсыз жолдор менен аракеттенет.

Марат Казакпаев, саясий серепчи: «Атамбаевди күчтөп алып келуу логикага туура келет»

—Укуктук талаа тууралуу айткан Атамбаев аны өзү аткарбай жатат. Ал ультрарадикалдык саясатчы болуп баратат. Ал эмне айтканын түшүнбөй жатат. Атамбаев абалды туруксуздаштырууда. Бул жерде катуу чара көрүү керек. Бийлик укуктук талаанын алкагында аракет кылып жатканын көрүүдөбүз. 7синен 8-августка караган түнү өткөрүлгөн иш-чара укуктук талаада жүргөн, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим ок колдонгон. Мындан мурда суракка үч ирет чакыруу келгени менен Атамбаев суракка келген эмес. Аны күчтөп алып келүүнүн боло турганы логикага туура келет.

Эдил Осмонбетов, политолог: “Барымтага алуу мыйзамсыздык”

—Күч колдонууга УКМК ИИМ ж.б. сындуу мыйзамды аткаруучу мамлекеттик органдар гана укуктуу. Эч кимдңн барымтага алганга укугу жок. Бул мыйзам талаасынан чыкканга жатат. Азыр Кыргызстанга саясий стабилдүүлүк керек.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: