Menu

“Баптист” динин кабыл алган адамдын көрүстөнүн казгандар жазасын алды

Бөлүшүү:

Джанаев Э., Эркавлянов К. 2016-жылдын 17-октябрында болжол менен саат 17.00 чамасында Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургуну К.С.нын өлүгүн Ала-Бука айылынын “Канымбүбү” көрүстөнүнө коюлган жеринен Ала-Бука айылынын тургундары тарабынан нааразычылык билдирип, чогулган элдер тарабынан “Баптист” динин кабыл алган адамды мусулмандар жаткан жерге койгону болбойт деп гөрдөн казып чыгып салышкан.

Ала-Бука райондук сотунун 2017-жылдын 12-январындагы өкүмү менен Джанаев Эмилбек Токторалиевич жана Эркавлянов Кубанычбек Мирзабекович, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 263-ст. (Өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо) 2-б. менен күнөөлү деп табылышып, ар бири 3 жылга эркиндигинен ажыратуусу белгиленген, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 63-ст. негизинде Э.Джанаевге жана К.Эркавляновго эркиндигинен ажыратууга белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, ар бирине 1 жыл сынак мөөнөтү белгиленди.

Ошондой эле Кулчинов Б. 2016-жылдын 17-октябрында болжол менен саат 17.00 чамасында Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургуну К.С.нын өлүгүн Ала-Бука айылынын “Канымбүбү” көрүстөнүнө коюлган жеринен Ала-Бука айылынын тургундары тарабынан нааразычылык билдирип, чогулган элдер тарабынан “Баптист” динин кабыл алган адамды мусулмандар жаткан жерге койгону болбойт деп гөрдөн казып чыгып салган.

Соттолуучу Б.Кулчинов жөнүндөгү кылмыш ишин сотто кароодо, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Кулчинов менен элдешип алышкандыгын, аны кечирип, тосмо арыз менен кайрылган.

Ала-Бука райондук сотунун 2017-жылдын 12-январындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 66-статьясына ылайык айыпталуучу жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкендиктен Кулчинов Бектурган Абдурахманович жөнүндөгү кылмыш иш кыскартылган.

Ала-Бука райондук сотунун 2017-жылдын 20-январындагы №20-маалыматына ылайык 20.01.2017-жылга даттануу түшпөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: