“Өз атасын өлтүрдү” деп шектелип кармалган жигит маркумдун баласы эмес. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, шектүүнүн өздүгү такталган. Ал бала маркум менен тааныш болгон, бирок уулу эмес. Учурда ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө.
Эске сала кетсек, 21-декабрда Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде 1962-жылы туулган К.Ш. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Анын денесинде бычактан алган жаракаты болгон.
Кылмышка шектелип, маркумдун биринчи никесинен 33 жаштагы баласы шектелип жаткандыгы, ал атасы менен чатакташа кетип, анын жүрөк тарабына үч жолу бычак уруп, анан кекиртегинен мууздап жибергени тууралуу Бишкек ШИИБи 23-декабрда журналисттерге билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ