14-январда «Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору» деген аталышта тегерек үстөл өтөт. Бул тегерек үстөлдө «2015-жылы Кыргыз мамлекетинде Кумтөрдөн кийин эле алтындын кору боюнча экинчи орунда турган Жерүй алтын кенинин лицензиясын сатуу боюнча конкурс болгон. Конкурстун жыйынтыгында «Восток-геолдобыча» компаниясы лицензияны утуп алган. Тилекке каршы, 5 млрд. доллар алтындын кору бар Жерүй алтын кенинде мамлекеттин үлүшү 0% болуп калгандыгы адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук боюнча күмөндүү суроолорду жаратып келет.
«Учурда Жерүй алтын кениндеги жүргүзүлуп жаткан жумуштар, экологиялык жана коопсуздук маселелери, жергиликтүү жумушчулардын укуктары, «Алтын Альянс» компаниясынын убадаларынын аткарылышы жана түзүлгөн фонддорго түшкөн каражаттардын сарпталышы каралат» деди уюштуруучу Айбек Мырза.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ