Жакында Кыргыз мамлекетинин Улуу дарыгери Ахунбаев Иса Коноевичтин туулганына 110 жыл толду. Кээде бир өрөөндүн байлары менен бектеринин маарекелерин мамлекеттик масштабда майрамдап жиберген бийлик алп дарыгердин 110-жылдыгын эскерип койгонго эмнегедир жарашпады окшойт. Кыясы алардын-ой санаалары башкада болсо керек. (Өлкө башчысынын улуу дарыгердин ысымын алган окуу жайдын жамаатына куш тилиндей куттуктоосун эске албаганда. ) Бир белгилей кетчү нерсе, болгону а кишининин талантына таазим эткен хируругдардын демилгеси менен уюштурулган Эл аралык илимий конференция менен эле чектелет окшойт сыягы. Анысы да Ордо калаада эмес, Жалал-Абад шаарында өтөт. Же кур дегенде мындайда жанагы «Эл баатырлары» деген Ысык-Көлдөн чыккан акелерибиз үн катпайт. Ал акелерибиз уча жегенге эле жарап калган окшойт. Анан ушундайда аргасыздан «карыдан да калыстык кетти» деген сөз айтылбай койбойт экен? Деги эле азыр эл ичинде башка көрүнүштөрдө да ушул сыяктуу сөздөр өкүм сүрүп турат.
«Элим, каным эле эмес, жаным да сага таандык» деген Улуу хируруг убагында Кыргыз мамлекетинин имиджи үчүн ат көтөргүс эмгек кылган. Анын тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган улуу эмгектеринин бирөөсүн мисал кылсак, доктор Ахунбаев 1959-жылы, 19-майда Орто Азия жана Казакстан элдеринин тарыхында биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган! Ал операция Шаршенбек Мырзабеков деген Таластык кыргыз жигитинин жүрөгүнө ийгиликтүү жасалган. Кезинде так ушул ачылыштан кийин Кыргыз медицинасынын атак-даңкы СССРде эле эмес, тоо койнундагы кичинекей республиканын ушундай күчтүү медицинасы бар экенине чет өлкөлүк медицинанын дөө-шааларын да таңдаткан экен… Кайран Иса авам, кечир учурдагы жүдөө урпактарыңды!
Кенжебек АРЫКБАЕВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ