Бишкектин түштүк магистралында ачылган “Ынтымак” паркындагы оттоп жүргөн 18 жылкы кармалды. Бул тууралуу «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан.
Анын айтымында, жылкыларды түндө кармалшкан.
“Ынтымак” паркындагы жайылып жүргөн 18 жылкыны кармалды. Жылкылар түндө уктабайбы?” – деп жазган Калича Умуралиева.
Эсиңиздерге сала кетсек, бир нече күн муру жаңы эле ачылган паркты жылкылар “жайлоо” кылып алганын шаар тургундары айтышып, соцтармактарда кызуу талкуу жаралган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ