Menu

“Өз атасын өлтүрдү” деп шектелип жаткан жигит маркумдун баласы эмес болуп чыкты

Бөлүшүү:

“Өз атасын өлтүрдү” деп шектелип кармалган жигит маркумдун баласы эмес. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, шектүүнүн өздүгү такталган. Ал бала маркум менен тааныш болгон, бирок уулу эмес.  Учурда ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эске сала кетсек, 21-декабрда Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде 1962-жылы туулган К.Ш. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Анын денесинде бычактан алган жаракаты болгон.

Кылмышка шектелип, маркумдун биринчи никесинен 33 жаштагы баласы шектелип жаткандыгы, ал атасы менен чатакташа кетип, анын жүрөк тарабына үч жолу бычак уруп, анан кекиртегинен мууздап жибергени тууралуу Бишкек ШИИБи 23-декабрда журналисттерге билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: