Menu

ИИМдин Ардагерлер кеңеши президенттин дарегине жөнөтүлгөн каттын авторлору болгон ардагерлердин ой-пикирлерин колдобойт

Бөлүшүү:

ИИМдин Ардагерлер кеңеши каттын авторлору болгон  ардагерлердин ой-пикирлерин колдобойт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине ички иштер органдарынын ардагерлеринин колу менен коюлган саясий мүдөөдөгү кат келип түшкөн. Өздөрүнүн катында ардагерлер мурдагы президенттин мамлекеттин жана коомдун күнүмдүк жашоосундагы ийлигиктерин баса белгилеп жазышкан. Андан соң, катта Атамбаевдин  учурунда ИИМдин кызматкерлеринин айлык маянасы өсүп, үйлөр курулуп, материалдык-техникалык камсыздоо жакшырып, аянттагы жана көчөлөрдөгү митингге чыккандар менен урушуп-талашуу болгон эместигин билдиришкен.

Мен саясатка кийлигишпөө менен каттын авторлору  унутуп калышы мүмкүн болгон  окуяларды эстетип коюшум керек, акыркы сегиз жыл ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери кандай гана кыйынчылыктарга дуушар болгон жок.

2012-жылы өлкөнүн бардык жагында 1280 ашык акциялар, анын ичинде митингдер, пикеттер, жөө жүрүштөр, демонстрациялар өтүп, ага 73 миңден ашуун адам катышкан. Жолдорду жабуу боюнча 35 факты катталган.

2013-жылы саясатчылардын аракети менен өткөн митингдерге 110 миңден ашуун адам катышкан.   Негизинен митингдер Бишкек, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-көл облусунун аймагында дагы кумтор маселеси боюнча күн алыс өтүп турган. Митингге чыккандар алтын-кен чыккан фабриканы талкалашканга чейин барышкан. Ал эми ички иштер органдарынын өздүк курамы өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткарбастан, митингдерде коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо менен алектенип калышкан. Ага утурлай, каршылык көрсөтүү акциялардын көбү Бишкекте дагы өткөн.

2014-жылы болсо 448 каршылык көрсөтүү акциялары өтүп, анын ичинде ар кандай митингдер, жолдорду тосуу дагы орун алган. Ал эми, 2015-жылы республика боюнча 434 митинг, 2016-жылы 596 митинг өткөн.

Жогорудагылардын негизинде ички иштер органдарынын күч-аракети менен өлкөнүн коопсуз өнүгүшү  үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп келгендигин ишенимдүү айтып кетсек болот.

Мыйзамга кызмат кылуу, элге кызмат кылуу ар дайым биздин ак ниеттүүлүк менен аткарган милдетибиз болуп келген жана  боло бермекчи. Милиция элге жакын болуп, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга милдеттүү. Эң негизгиси элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу, соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу эсептелинет.

Азыркы учурда милициянын толук кандуу ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүү максатында мамлекет тарабынан бардык күчтөр жумшалып жаткандыгын ишенимдүү айтып кетсек болот.

Ошондой эле, Бишкекте, Ош жана Нарын облусунда курулуп жаткан үйлөрдү аяктоо пландалууда. Келе жаткан жылы милиционерлерге 516 жаңы батирлер берилмекчи. Андан сырткары, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу
боюнча иштер жер-жерлерде жүрүп жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу эң башкы маселелерден болуп саналат. 2020-жылдын 1-январынан баштап, айлык маяналар жогорулайт, анын ичинде кичи наамдагы кызматкерлердики.

Биздин алдыбызда турган эң негизги тапшырмалар болуп,  коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти орнотуу эсептелинет жана бизден  өлкөдөгү мыйзамдуулук менен  туруктулукту  камсыздоого багытталган натыйжалуу жыйынтыктарды талап кылып, күтүүдө.

Ал эми милициянын ардегерлери Президенттин дарегине жазган каты боюнча төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү керек, милиция ар дайым так жана туура өз милдеттерин аткарып, саясаттын тышкары болушу керек. Ички иштер органдарынын негизги функциясы бул коомдук тартипти сактоо,  кылмыштуулукту алдын алуу. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңеши каттын авторлору болгон милициянын ардагерлеринин  ой-пикирлерин колдобойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: