Menu

Кыргызстандын улуттук жол тармагынын техникалык регламенттери ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирилүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өлкөнүн жол тармагын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына, анын ичинде Бажы Бирлигинин “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Автомобиль жолдору жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Өкмөттүн пикири боюнча, күтүлгөн натыйжа ББ ТРди пайдаланууда ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдардын ишмердигиндеги дискрецияны жоюуга, ошондой эле жолду куруу, пайдалануу жана жолдор менен жол обьектилерин тутуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдик-техникалык тутуму менен ченемдик укуктук жөнгө салуу мамилелерин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Баяндамачы 2018-жылы өлкөнүн 3 облусундагы жолдор, калган жолдор 2 жыл аралыгында паспорттоштурула турганын билдирди. “Анда ошол жолдун болгон таржымалы менен абалы толук камтылууга тийиш. Эгер жаӊы жол салынса, анын техникалык талабы башка, ал эми калыбына келтирилчү жолдун талабы өзүнчө. Ал жолдун категорияларына жараша да болот. Бирок, жолго түздөн-түз жолтоо болгон объектилер алынып салынат”, – дейт ал.

Депутаттар мыйзам кабыл алынса, улуттук техникалык регламентинин Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына канчалык деӊгээлде шайкеш келе турганына кызыгышты. Министр сунушталып жаткан өлкөнүн техникалык регламенти ЕАЭБ талаптарына толук туура келерин, Евразия экономикалык бирлигинин регламенти Евробирликтин регламентине ылайыкташтырылуу менен иштелип чыкканын белгиледи.

Андан тышкары, КР Бюджеттик кодексинин талабына ылайык, Социалдык фонддон башка бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө тыюу салынгандыктан, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамындагы “Жол фондусу жөнүндөгү” мыйзамына шилтеме жасалган ченемдер алынып салынганы белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: