Кечээ, 26-декабрь күнү “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул маалыматты Боршайком да тастыктады.
Ал мындай чечимди партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпесиктен улам кабыл алганын журналисттерге айткан. Бирок пикир келишпестик тууралуу болгон окуяны толук айтып берген жок.
Алмамбет Шыкмаматов партиядан гана чыкканын, бирок чоң саясатта кала турганын кошумчалаган.
Анын мандатын тизме боюнча кийинки катарда турган Нурбек Сыдыгалиев алат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ