Кечээ, 29-декабрь күнү Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Нарын облусунун аймагында саат 15:13тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
“Жер титирөө Ак-Талаа районунун Үгүт, Жаңы-Тилек, Байгенчек айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок” – деп айтылат маалыматта.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ